Карск деңизи

Википедия дан
Карск деңизи.

Карск деңизи (деңизге куйган Кара дарыянын атынан) - Түндүк Муз океанындагы четки деңиз.

Батышынан Вайгач, Жаңы Жер, Франц-Иосиф жери аралдадары, чыгышынан Түндүк жер аралдары жана Таймыр жарым аралы менен чектешет. Аянты 880 миң км2, орточо тереңдиги 127 м, эң терең жери 620 м. Суусунун көлөмү 112 миң км3. Түштүк-батыштан түндүк-чыгышка 1500 км аралыкта созулуп жатат. Туурасы (түндүк бөлүгүндө) 800 км ге чейин. Ири дарыялары - Енисей, Обь, Пясина, Кара; булардын жылдык агымы 1300 км Аралдары көп (жалпы аянты 10000 км2), көпчүлүгү деңиздин түндүк-чыгыш бөлүгүндө.

Карск деңизи (1913).

Карск деңизи негизинен материктик тайыздыкта жайгашкан, ошондуктан анын аянтынын 40%ке жакыны 50 м ден тайыз, 2%ке жакын аянтынын тереңдиги гана 500 м ден төмөн. Шельф түндүгүнөн эки кобул - Ыйык Анна (Франц-Иосиф Жери аралынын жээгин бойлой жайгашкан, тереңдиги 620 м ге чейин) жана Воронин (Түндүк Жер аралынын жээгин бойлой жайгашкан, тереңдиги 450 м ге чейин) менен бөлүнгөн. Кобулдардын ортосунан суу астындагы Борбордук Карск дөңсөөсү (тереңдиги 50 м чамасында) өтөт. Андан Ушаков, Визе аралдары чыгып жатат. Жаңы Жер аралынын чыгыш жээгин бойлой Жаңы Жер ойдуңу (тереңдиги 200 - 400 м) созулуп жатат.

Климаты арктикалык, январдын орточо температурасы -20°Сден -28°Сге чейин (минимуму -46°Сге жетет), июлдуку 6°Сге (максимуму 16°С) чейин. Шторм болуп турат. Климаттын ызгаардуулугу түштүк-батыштан түн,чыгышты карай күчөйт. Деңизди жылдын көпчүлүк учурунда муз каптап жатат. Жайында жээк муздар талкаланып, калкыма муздарды пайда кылат. Жайында суусунун орточо температурасы түштүгүндө 7°Сге чейин, түндүгүндө -0,5 -1,0°С. Туздуулугу түштүгүндө 8,0 - 10,0%оДен 18,0-22,0%0ге чейин өзгөрөт, түндүгүндө 33,0-33,5 %.

Деңиздин үстүңкү агымы циклондук. айланууну пайда кылат. Жарым суткалык ташкындоо басымдуу, бийиктиги 0,3 - 1,2 м. Омуль, муксун, корюшка, навага ж. б. балыктар промыселдик мааниге ээ. Түндүк дельфин, ит балык (нерпа, тюлень тукумунда), суужолборс (морж), деңиз коёну, ак аюу мекендейт. Карск деңизи аркылуу Түндүк деңиз жол трассасы өтөт.

Башкы порту - Диксон. Карск деңизи менен негизинен жыгач, тери, курулуш материалдары, азыктүлүк ж. б. ташылат. Обь-Енисей аймагында нефть жана табигый газ кендеринин ачылышына байланыштуу Карск деңиз жолдорунун мааниси артууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.