Карст

Википедия дан

Карст, Крас, Динара Красы (немецче Karst, словенче Kras) – Словениядагы акиташ тектүү плато (батыш чет жакасы Италияда); Динара тайпак тоосунун курамында. Истрия жарым аралынан түндүктө. Бийиктиги 643 мге чейин (Трстель чокусу). Рельефтин накта карсттык формалары (воронка, кудук, үңкүрлөр), туюк чуңкурдуктар жана башка мүнөздүү. Агын суу дээрлик жок, өсүмдүктөрү сейрек. Күрдүү топурактуу чуңкурчактарында жүзүм өстүрүлөт. Платодо дүйнөгө белгилүү Постойнска-Яма үңкүрү бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]