Карст суулары
Карст суулары – карст боштуктарындагы, үңкүрлөрүндөгү суулар. Карбонаттуу, гипстүү аймактарда кездешет. Бир нече гидродинамикалык аймактарга бөлүнөт. Аэрация аймагы жыл мезгилине жараша деңгээлин өзгөртүп турат. Толук нымдуу аймактар гидрокарбонаттуу, кальций сульфаттуу келип, суу өткөрүүчү тектерге байланыштуу болот. Краст сууларынын жер бетине агып чыгышынан карст булактары пайда болот.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9