Картезианчылык

Википедия дан

Рене Декарттын окуусуна таянуу менен 17–18-кылымдарда философияда жана табият таануу илимдеринде пайда болгон багыт. Картезий (Cartesius) – улуу француз философу Рене Декарттын латындашкан ысымынан аталган. Картезианчылыктын негизинде удаалаш дуализм, башкача айтканда дүйнөнү көлөмдүү (материя) жана ой жүгүрткөн (аң-сезим) деп аталган өз алдынча жашаган жана бири-бирине көз карандысыз эки субстанцияга бөлүү жатат. Картезиандык гносеологиянын өзөктүү принциби болуп тааным процессинде аң-сезимдин эч нерседен муктаж эместиги (Декарттын «ой жүгүртөм, демек, жашап жатам) жана тубаса идеялардын теориясы эсептелген. Картизианчылыктын өнүгүшүнүн жүрүшүндө монизм (Х. Де Руа, Б. Спиноза) жана окказионализм (А. Гейлинкс, Н. Малбранш) өңдүү эки багыт пайда болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8