Картык

Википедия дан

Картык — ооруган жерден кан алууга, канды, ириңди, денеге туруп калган желди сордуруп таштоого колдонуучу табыптардын уйдун мүйүзүнөн жасалган аспабы, түтүкчө. К. кыргыздар арасында илгертен эле кеңири таралып, суук тийген, жел турган жерге оңко (медициалык айнек банка) сыяктуу коюлган. "Манас" үчилтигинин"Сейтек" бөлүмүндө далысынын кечири кесилип жараланган Күлчорону табып, аяш атасы Момунжан ириңдеген жарага картык коюп таза эмес кандарды сордуруп дарылаганы эскерилген. Картык негизги варианттарда көпчүлүк окуяларда баяндалат. Картык жөнүндө кенже эпостордо да кеңири маалымат берилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4