Каршылык көрсөтүү кыймылы

Википедия дан

Каршылык көрсөтүү кыймылы – 2-дүйнөлүк согуштун учурунда (1939–45) фашисттик оккупанттарга жана режимге, ошондой эле Европадагы коллаборационисттерге каршы патриоттук боштондук-демократиялык кыймыл. Каршылык көрсөтүү кыймылы фашисттик блоктогу өлкөлөрдө жана фашисттер оккупациялаган аймактарда күч алып, буга оккупацияланган өлкөлөрдүн эмиграцияда жүргөн өкмөттөрү, патриоттук уюмдар жана партиялар кошулган Каршылык көрсөтүү кыймылынын негизги максаты европалык өлкөлөрдү фашисттик баскынчылардан бошотуу, улуттук көз каранды эместикти калыбына келтирүү жана демократиялык саясий түзүлүштү орнотуу, прогрессивдүү социалдык кайра түзүүлөрдү ишке ашыруу болгон. Каршылык көрсөтүү кыймылына катышкандар (жумушчу, дыйкан, интеллигенция, дин өкүлдөрү, буржуазия жана согушта колго түшкөндөр жана башка) күрөштүн ар кандай формаларын жана методдорун колдонушкан: оккупанттардын буйруктарын аткарбоо, фашисттерге каршы үгүт иштерин жүргүзүү, иш таштоо, саботаж, диверсия, массалык демонстрация, партизандык күрөш жана куралдуу көтөрүлүш жана башка Каршылык көрсөтүү кыймылына СССР жана гитлерге каршы коалициядагы өлкөлөр жардам беришкен (фашисттерге каршы партизандык күрөштү даярдоо, үгүт иштерин жүргүзүү, согуш куралдары жана дары-дармектер менен камсыздоо жана башка). Каршылык көрсөтүү кыймылы Югославия, Греция, Албания, Польша, Франция, Бельгия, Дания, Болгария, Италияда кеңири кулач жайган. Фашисттер басып алган бардык өлкөлөрдөгү Каршылык көрсөтүү кыймылында 2 багыт болгон: 1) коммунисттик жана жумушчу партиялар жетектеген радикалдык кыймыл. Алар улуттук-боштондук жана өз өлкөсүндө революциялык кайра түзүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн оккупанттарга жана коллаборационисттерге каршы куралдуу күрөшкө чыгууну көздөгөн; 2) өз өлкөсүнүн көз каранды эместиги үчүн күрөшүүгө, согушка чейинки тартипти калыбына келтирүүгө же либералдык-демократиялык түзүлүштү орнотууга умтулган эмиграцияда жүргөн өкмөттөр, буржуазиялык уюмдар жана партиялар. Каршылык көрсөтүү кыймылынын өнүгүшүндө бир нече этаптарга бөлүнгөн. 1939-жылдын сентябрынан 1941-жылдын июнуна чейин массалык күрөш уюштуруу, үгүт иштерин жүргүзүү, жашыруун уюмдарды түзүү жана чыңдоо, күч топтоо мезгили болгон. 1941-жылдын июнунан 1942-жылдын аягына чейинки мезгил Каршылык көрсөтүү кыймылынын күчөшү менен мүнөздөлөт. Югославия, Польша, Чехословакия, Болгария, Греция, Франция, Бельгия, Норвегия, Дания, Нидерланд жана Италияда оккупанттарга каршы күрөш күч алып, согуштук уюмдар, улуттук-боштондук армиялар жана фронттор түзүлгөн. 1942-жылдын аягы – 1944-жылдын жаз айына чейинки мезгилде, Кызыл Армиянын Сталинград жана Курск жанындагы тарыхый жеңишинен улам согуштун түп тамырынын өзгөрүшүнө байланыштуу Каршылык көрсөтүү кыймылынын социалдык базасы кеңейип, каршылык акциялары массалык түрдө өткөрүлүп, саясий жана социалдык-экономикалык маселелер боюнча программалык документтер иштелип чыккан. 1944-жылдын жаз–жай айларынан 1945-жылдын май–сентябрь айларына чейин Кызыл Армия фашисттик баскынчыларга кыйраткыч сокку уруп, советтик аймактан кууп чыгып, Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Европа элдерин бошотуп, союздаштардын куралдуу күчтөрү менен бирдикте гитлердик Германияны талкалаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]