Карыбаев Аскер

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Карыбаев Аскер - акын, котормочу.

Карыбаев Аскер Ак-суу районундагы Кереге-Таш айылында 1941-жылы туулган.
1958-жылы Сары-Камыш орто мектебин бүтүрүп, эмгек жолун Каракол шаарындагы кирпич заводунда (1958–1961) жумушчулуктан баштаган.
1961–1966-жж. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүнөн окуган.
1966-жылы Кыргыз Телеграф агенттигинде диктор,
1967–1978-жж. Н.Г.Чернышевский атындагы (азыркы Улуттук) китепканасында редактор, маданий-агартуу иштери боюнча башкармалыгында инспектор, улук инспектор, маданий-агартуу иштери боюнча методикалык кабинетинде, Эл Чыгармачылык үйүндө директор, башкармалыктын начальнигинин орунбасары,
1978–1984-жж. Кыргыз Республикасынын элдик көзөмөлдөө комитетинин инспекторлук, Кыргызстан Компартиясынын борбордук комитетинде инструктордук кызматтарында,
1984–1991-жж. Бүткүл союз-дук автордук укукту коргоо (ВААП) боюнча Кыргызстандагы бөлүмүнүн (КирВААП) начальниги,
1991–1996-жж. Бүткүл союздук китепкөйлөрдүн Кыргызстандагы коомунун төрагасынын биринчи орунбасары,
1996-жылы Кыргыз Республикасынын маданият министрлигинин искусство иштери боюнча башкармалыгынын начальнигинин орунбасары,
1997–1999-жж. «Кыргызстан» басмасында,
1999-жылдан мамлекеттик тил жана энциклопедия борборунда редактор болуп иштеп келген.

Акындын эң алгачкы ыры «Эртеңки таң» деген ат менен 1957-ж. «Жаш Ленинчи» журналына басылып чыккан.
Дүйнөлүк белгилүү акындар Абайдын, Жаминин, Гетенин, Гейненин, А.Ахматованын, В.Высоцкийдин, А.Вознесенскийдин, Р.Рождественский-дин ырларын кыргызчалаган.
Акындын чыгармалары «Кыргыз поэзиясынын антологиясына» (II т.) киргизилген. Кыргызстан Жазуучулар Союзунун мүчөсү.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз тилинде

Тоолордон ыр жаңырат. –Ф.: Кыргызстан, 1969. – 40 б.

Көл ыргактары. –Ф.: Кыргызстан, 1972. – 35 б.

Апамдын ак жоолугу: Ырлар. –Ф.: Кыргызстан, 1987. – 64 б.

Жаңырык: Ырлар. – Б.: Адабият, 1992. – 128 б.

Сезим кайрыктары. – Б.: Бийиктик, 2003. – 198 б.

КОТОРМОЛОРУ[оңдоо | булагын оңдоо]

Копыленко А. Бармактай баланын үйү. – Ф.: Мектеп, 1978. – 108 б.

Милчев И. Алыс калган бала чагым: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1982. – 104 б.