Карызкорго карата кызыкдар тарап
Көрүнүш
Карызкорго карата кызыкдар тарап – 1) КР мыйзамдарына ылайык, карызкорго карата негизги же туунду болуп саналган юридикалык жак; 2) карызкордун жетекчиси, ошондой эле карызкордун директорлор кеңешине (байкоочу кеңешине) кирген адам, карызкордун акылдаштык аткаруу органы, башкы бухгалтер ( бухгалтер ), анын ичинде ага кудуретсиздик жүрүмү жарыяланган маалга чейинки 1 жыл ичинде өз милдетин аткаруудан бошотулган адамдар да кирет. Карызкорго карата кызыкдар тараптардын катарына жогоруда саналып өткөн жеке жактар менен туугандыгы боюнча туугандык мамиледе турган жактар да жатат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7