Карымбай уулу Касымбек (Сапа)

Википедия дан

Эскертүү

Кайрылып келбейм кайрадан

Каякка кеттиң кайран жан

Жалгандан эч ким калбаган

Аралап малдар барбаган

Апакемдин жанында

Ак коргон болсун айланам

Кирпичти жасап кол менен

Жалгандан калбайт пендеден

Жараткан жалгыз кудайым

Жакшылык берсин ал жерден

Жалпыбызга белгилүү

Жаралып кайра келбеген

Аракты алып бербегин

Арааңдан кеткен пендемин

Аткаргыла барыңар

Айтайын деген керээзим

Көкөлөп учуп кетүүгө

Көрүнбөй көзгө элесим

Жаралган жалпы ааламдан

Жашынып анда ким калды

Жараткан жалгыз кудайга

Тапшырайын жалганды

Жаш кезек кетти улгая

Жанаша баскан күн кана

Эстелик сүрөт илем деп

Болбогула бекер убара

Алданын жолу аппак жол

Ага – тууган аман бол

Аракет кылып сиздерге

Сунганым менен жетпейт кол

Туулган жылым: 1928 – жыл 20 – март

Мечин балык болот экен

1952 – жыл 16 – октябрда жетилип жашка толуп,

Армия жашта болуп эл– жерди коргош үчүн Армияга жөнөп баратып айткан ыр эле.

Ошондон ырдап берейин:

Жетилип жашка толгондо

Он сегиз – жыйырма болгондо

Армия көздөй жөнөдүм

Аркырап түшүп чоң жолго

Алдейлеп баккан апабыз

Сиз бизге кападар болуп жатасыз

Аткарып милдет биз келсек

Ачылат бир күн капаңыз

Айылда Сабыр башкарма

Ыракмат деймин мен ага

Бошотуп алып келем деп

Военкомго барганда

Анчалык болгон себебим

Айтканда эми не дейин

Алпарган акча, козуга

Бошонуп келем дегенмин

Эне – бала болушпай

Эмчектен жыттап сорушпай

Мээримдешип жытташпай

Мемиреп уйку укташпай

Уядан учтук жетөөбүз

Эркектен экен бешөөбүз

Армия милдет иш экен

Аткарганы кеттик үчөөбүз

Улуу эжебиз Алмакан

Узатып мени бараткан

Ойлогон максат ишке ашпай

Жетелеп козу түн каткан

“Үчөө тең бирдей кетти” – деп

Көп кайгы тартып мунайба

Муунуң бошоп саз болот

Байке мунканып жүрсөң мындайда

“Учурашпай калдым” – деп

Кайгырба Какиш жеңеке

Канчалык кылсам аракет

Карабай койду себепке

Нурийла, Какиш жеңелер

Өстүргөн бизди энелер

Аткарып милдет келишээр

Армияга кеткен эмеңер

Кенжебиз Жапар инибиз

Кейиште болбой жүрүңүз

Каяша айтпай апама

Кашынан чыкпай жүрүңүз

Айылда эки көпөлөк

Асылкүл, Жапар экөөлөп

Апамды жакшы баккыла

Колунан кармап жетелеп

Ардактуу эже Күкүбүз

Жарык бир болсун жүзүңүз

Аткарып милдет келели

Алдыдан тозуп күтүңүз

Фрунзе борбор шаарыбыз

Армияга кеттик баарыбыз

Узатып ийип сиз бизди

Жалдырап жалгыз калдыңыз

Атадан эркек төрөлүп

Армия көздөй жөнөдүк

Аман – эсен, ден – соолукта

Аткарып милдет келелик

Энеден эркек төрөлүп

Эл чети көздөй жөнөдүк

Эсен – аман, ден – соолукта

Бүтүрүп милдет келелик

Сары көйнөк, сары шым

Салдаттан кийдик баарысын

Карап бир турсаң опокшош

Карачы өкмөттүн калысын

Эртең менен эртелеп

Физзарядка басабыз

Аман – эсен, ден – соолукта

Тарбия алып жатабыз

Кыргыздан келген жаш балдар

Кыркалай тартып баскандар

Ар улуттан ар кандай

Болот экен ар жандар

Эртең менен эртелеп

Жумушту көздөй барамын

Канча иштесем ошончо

Эмгегимди аламын

Иштегеним темир жол

Ага – тууган аман бол

Арасы алыс жер экен

Сунганым менен жетпейт кол

Почталён эже келе кет

Кат болсо мага бере кет

Ак ниет, жакшы иштесең

Адилет экен өкүмөт

Сүрөтүңдү алдым почтодон

Сүйүнүп жүрөк козголгон

Сүрөтүң келип өзүң жок

Апыке сүйлөбөй койдуң боздосом

Катыңды алдым почтодон

Каткырып жүрөк козголгон

Катың бир келип өзүң жок

Апыке карабай койдуң боздосом

Ак сүтүн берген апабыз

Ачылат дегем капаңыз

Ачылмак түгүл капаңыз

Жалдырап жалгыз жатасыз

Асылган оору алдыбы

Ажалдын оту жандыбы

Айланып кайра келгиче

Апаке өлө калдыңбы

Өкүнбөйлү өткөнгө

Кейибейли кеткенге

Кудайга тобоо дейличи

Ушул бир алга жеткенге

     – деп үч жылдык Армиялык милдетти бүтүрүп, аман – эсен эл – жерге келдик кутулуп.

          1958 – жыл 25 – апрель. Колхозубуз совхоз болуп уюшулуп калды.

“Совхоздо мал бакбаса жакшы болбойт экен” – дегенинен агайым Молдисага кошулуп кой багышып кеттим.

Ошондо ырдаган ырымды ырдап берейин:         

Койчу болдум кой кайтарып жашымда

Койчулукту билбептирмин башында

Кой кайтарган жакшы болот экен деп

Кордук көрдүм аябаган жазында

Тескейде жайыт кар экен

Ченесем метр бар экен

Тепкилеп ачып же десем

Тил албайт, эси жок айбан мал экен

Күнгөйдүн ташы урама

Омкоруп ташы кулама

Аскадан урап таш тийди

Ак ирик байкуш кургурга

Өңөрүп алып жеткирдим

Арасы алыс короого

Жаратын көрүп таңганга

Же марли жок оромо

Кыштообуз болду курулуш

Курулуш жолдон бурулуш

Атайлап бизге берген жок

Асоолук жем – чөп же бир туз

Ферма башчы бар толук

Барылап актив чогулуп

Бир келип көрбөй койдуңар

Малчынын акыбалын ойлонуп

Зоотехник, доктурлар

Сиздердин болсун жолуңар

Арыктап, азып кетти го

Ардактап күткөн койуңар

Тургунбаев Капан бар

Зоотехник бизге ал

Бир келип көрбөй койдуң го

Кандай деп баккан малыңар

Ведсанитарка Кашкелең

Келбейсиң эмне малга сен

Кадырыңыз калганбы

Мал кайтарган элдерден

Колумда ыргай таягым

Кой менен кошо барамын

Социализмдик мелдешке

Жетишүү менин талабым

Арчалуу таяк колумда

Асканын турам боорунда

Ууру бир бөрү жолобо

Алдымда ак кой момунга

Жантык бир журтка конолу

Байке жайытка жакын бололу

Арыктап, аскан койлордун

Ачылгыз болсун жондору

Атактуу жайлоо Соң – Көлгө

Айдадык койду көчкөндө

Абайлап билбей калыпмын

Ошондо тийиптир суук өпкөмө

Ошентип Соң – Көл жойлоосун жакшы жайлап кайра келдик.

Бирок ошол жылдары   ден – соолук жакшы болбой доктурга дарыланууга бардым.

Ошондо ден – соолук деген ыр чыгардым эле.

Ошондон ырдап берейин:

Жайладык Соң – Көл жайлоосун

Жалооруйт жанда жолдошум

Жалооруткан адамды

Жарбаган оору оңбосун

Жаратканда биринчи

Ден – соолук болот турбайбы

Жалдырап жатсаң алсырап

Жашоодо кыйын турбайбы

Доктурларга барганда

Анализ алды канымдан

Айла бир барбы кантейин

Азабын тарттым жанымдын

Агайым, иним аманбы

Алыстан айтсам саламды

Аман – эсен, ден – соолукта

Айланып кайра барамбы

Айланып кайра баралбай

Же аңгекке түшүп каламбы

Жолдошум алыс кетти деп

Көп кайгы тартып жашыба

Нелер келип не кетпейт

Эр жигиттин башынан

Машина жүрөт катуулап

Жолдошум калдың заруулап

Аман бир болсо бараармын

Турмуштун жолун чабуулап

Кара бир Кочкор калаамды

Калайык элим аманбы

Кайрылып көрөөр бекенмин

Калкымда эки баламды

Элимде мекен калаамды

Эл журтум эсен аманбы

Эсен көрөөр бекенмин

Элимде эки баламды

Үч – төрт ай жаттым доктурда

Айла жок экен ооруга

Дарылап жакшы карашты

Ыракмат врач, доктурга

Жараткан кудай жар болуп

Ден – соолук жакшы оңолуп

Айланып кайра мен келдим

Кайгы бир капа жоголуп 

 

Ал кезде биз да сепелек деген ыр эле:

Көп жылдар биз да сепелек

Көтөрүп бала жетелеп

Көп кыйналып бакканбыз

Рапшанбегимди бөпөлөп

Ал кезде биз да сепелек

Алдейлеп бала жетелеп

Араңдан зорго бакканбыз

Арсанкүлүмдү бөпөлөп

Кудайым берди калганын

Кубанып күлсүн балдарым

Кудайым өзү жеткирет

Ден – соолуктан калганын

Урматтуу болсун балдарым

Убайын көрсөк ар дайым

Ушинтип кудай жеткизет

Ден – соолуктан калганын

Балдарды бактык бөпөлөп

Байбичем байкуш экөөлөп

Баркыма жетип балдарым

Балпайып бассак көкөлөп

Кыздарды бактык бөпөлөп

Кылчактап басып жетелеп

Кызыгын көрөөр бекенбиз

Кыдыңдап басып көкөлөп

Ата – эне аман болсо

Балдарымдын бактысы

Бапестеп багып алышаар

Балдарымдын жакшысы

Эне – ата эсен болсо

Келиндеримдин ырысы

Кейитпей багып алышаар

Келиндеримдин мыктысы

Ата – эне ар дайым

Алпештешет балдарын

Эси болсо түшүнүшөөр

Эне – атанын ал – жайын

Бир уулум волга айдаса

Бир уулум жайлоо жайласа

Атам, апам келет деп

Куйруктуу козу байласа

Атасы менен апасы

Ал куйрукту чайнаса

Урматтуу ушул дүнүйө

Уулумдун барсам үйүнө

Урматтуу атам келди деп

Уул, келин чыкса жүгүрө

Кымбаттуу ушул дүнүйө

Кызымдын барсам үйүнө

Кымбатту апам келди деп

Кыз күйөө чыкса жүгүрө

Уул, келин урмат эмеспи

Уулга айтсам кеңешти

Уулдан чыкса терс кыял

Урушкандык эмеспи

Келинде кептер эмеспи

Келинге айтсам кеңешти

Келинден чыкса терс кыял

Кейишкендик эмеспи

Уул, келин болсо урматтуу

Кыз, күйөө болсо кымбаттуу

Ата менен энени

Келин, уул болот жыргатчу

Бир бириңди ар дайым

Сыйлашып жакшы жүргүлө

Нааразы болуп кейишпей

Жалган бир экен бул дүйнө

Чаң созулат асманга

Ар кимдин көөнү ар башка

Акыры бир күн түшөбүз

Ачык бир ооз капканга

Кары да бол, жаш да бол

Кадырлаш, сыйлаш тирүүңдө

Калат го бир күн алтын баш

Казылган көрдүн түбүндө

Ким билет кимдин арманын

Бирок тараза билет салмагын

Ар бир адам түшүнөт

Бул дүйнөнүн жалганын

Жалганды жалган дебейли

Жалганга моюн бербейли

Ушундай жыргал күндөрдө

Ойноп, жыргап, гүлдөйлү!!!                    

Ушинтип жашоо шартты улантыш үчүн гидрометстанциясында иштеп калдым.           

Ошондогу ырымдан ырдап берейин сиздерге:          

Башында мөңгү булактан

Аркырап ылдый суу аккан

Расход алып суу ченеп

Суусунда иштеп жатамын

Ашуусу бийик белдеги

Абасы суук төрдөгү

Ак карды ченеп жүрөмүн

Ашуу – ашуу белдеги

Калмак ашуу бел эле

Кашка суу деген төр эле

Аралап басып жүргөндөй

Тамаша эмес жөн эле

Жашаган бирге көчөбүз

Жайлоого чыгып экөөбүз

Ак карды ченеп жүрөбүз

Техник Мукан экөөбүз

Аппак, аппак, аппак кар

Аппак карда алтын бар

Аппак кар ээрип келгенде

Суу сугарып, дан чыгаар

Кудайым берип салды деп

Кубанышат дыйкандар

Сөөктүн суусун кечишип

Каткырып боор эзишип

Кайыкта бирге баратсак

Каалаган ойду чечишип

Үч – Эмчек деген жер болот

Үйүлүп айыл эл конот

Үзүрүнө бул жердин

Үзүлбөй келет көп конок

Абасы таза жер болот

Айлана – чөйрө эл конот

Айланчыктап бул жерге

Ар дайым келет көп конок

Үч эмчек жайлап кыштаган

Үлгүлүү болот чабаны

Жай – кышы жесе түгөнбөйт

Бетеге, шыбак, тулаңы

Эмгек бир кылгын калкыңа

Эл үчүн иштеп жаркылда

Ак ниет, жакшы иштесең

Ыракматын айтат партия