Карыпчы

Википедия дан

Карыпчы"Манас" эпосунда аскердик кийимдин бир бөлүгү. "Жоого кийүү жарагын, Баарын кийди карагын, Карыпчы менен кыягы" (Сагымбай Орозбаков, 2. 58). Согушта жоокердин колун билегинен ийнине чейин сырткы соккудан сактап калуучу атайын жасалга. Ал кийиз менен кайыштан шырылып тигилип, сырт жагына жазы темирден калканч кадалып, кайып бүчүлөр менен колдун сыртына байланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4