Кар жилик

Википедия дан

Кар жиликкойдун алдыңкы бутунун тизеден далыга чейинки бөлүгү.
Кар жилик эт тартууда сыйлуу жиликтердин катарына кирет. Койдун башка жиликтеринен айырмаланып кар жиликке байланыштуу көптөгөн ырымдар өкүм сүргөн. Аны жигиттин жилиги деп айтышат. Жиликти таза мүлжүп, чакпастан сактап коюшкан.
Элдик ишеним б-ча кар жилик үйдү, малды душмандардан, ууру-бөрүлөр-дөн коргогон. Жатаарда кар жиликти боз үйдүн керегесине кыстарып «бүгүн сен баланча атты минип жылкы кайтар, короо кайтар» деп айтышкан. Эгерде алыс жолго чыкса куржунга кар жиликти салып, кырк жигит коштойт деп эсептешкен. Кар жиликти коркунуч келе турган жакта пайдаланышкан. Душманды алсыратып анын тукумунан даражалуу адам чыкпасын дешип эки жиликти бир жерге кагышкан. Кар жиликке байланыштуу мындай ырымдар коргоочу тумар катары колдонулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]