Мазмунга өтүү

Кар ченегич

Википедия — ачык энциклопедия

Кар ченегич – атмосферадагы суюк жана катуу жаанды өлчөөчү аспап. В. Д. Третьяковдун конструкциясы боюнча аянты 200 см2, бийиктиги 40 см болгон кар ченегич идишке (чакага) жаан-чачын топтолот. Кар ченегич топурактын бетинен 2 м бийик жерге орнотулат. Өлчөө бирдиги – мм, бөлүкчөлөргө бөлүнгөн стакан менен өлчөнөт, катуу жаан-чачын эригенден кийин ченелет.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]