Касаи

Википедия дан
Касаи.

Касаи (төмөнкү агымында – Ква) – Ангола менен Конгодогу (Киншаса) дарыя. Конго (Заир) дарыясынын эң ири сол куймасы. Узундугу 2000 кмдей, алабынын аянты 880,2 миң км2. Лунда платосунан башталат да, анын Түндүк капталы жана Конго ойдуңу аркылуу агат. Нугунда босоголор менен шаркыратмалар көп. Негизги куймалары: Лулуа, Санкуру, Фими-Лукение (оң), Кванго (сол). Суусу сентябрь–октябрдан майга чейин кирет. Орточо чыгымы 10 миң м3/сек (эң азы 5 миң м3/сек, көбү 20 миң мЗ/секга чейин). Балык кармалат. Чатынан 750 км аралыкка чейин кеме жүрөт. Ири пристаны – Илебо [Конго (Киншаса)].

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]