Касиев Сапаш

Википедия дан
Касиев, Сапаш Касиевич‎»‎ барагынан багытталды)

Касиев Сапаш (1932-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Маман айылы 24. 11. 2011, Бишкек) – биология илимдеринин доктору (1986), профессор (1987), Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1993). Кыргыз ССР Илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү (1989). КМУну бүтүргөн (1957). Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Биология институтунда кенже, улук илимий кызматкер (1957– 84), КМУда кафедра башчысы (1983–99), Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология жана топурак таануу институтунун директору болуп (1999–2003) иштеген. 2003-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын Зоология музейинин директору. Эл агартуунун отличниги. Эмгектери куштардын мителерин изилдөөгө арналган. 140тан ашык илимий эмгеги, анын ичинде 4 монографиясы бар. Эмгектери: Птицы Киргизии (в соавторстве), 3 том. Ф., 1961; Биологические основы борьбы с вредными грызунами (в соавторстве). Ф., 1968; Пухоеды птиц Средней Азии. Ф., 1971; Фауна и экология паразитических насекомых Кыргызстана. Б., 1992; Зоология беспозвоночных животных. Б., 2002; Зоологический музей НАН Кыргызстана Б., 2006; Красная книга КР (в соавторстве). Б., 2007.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бакма канаттулардын эхтопаразиттери жана алар менен күрөшүү — Фр.: 1961 (Ромашева Л. Ф. менен авторлош).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9