Каскаддуу муздатуу ыкмасы
Каскаддуу муздатуу ыкмасы — 70°Сден төмөн температураны алуу үчүн колдонулган ыкма; ал удаалаш иштөөчү муздатуучу циклдердин жардамы менен муздаткыч установкаларда төмөнкү температуралык деңгээлден жогорку температуралык деңгээлге жылуулук ташууну ишке ашыруу процесси.
Каскаддын төмөнкү жана жогорку баскычы жөнөкөй каскаддуу бир баскычтуу эки муздаткыч машинадан турат. Каскаддын төмөнкү баскычынын буулангычында муздатуучу зат муздалуучу чөйрөнүн жылуулугун алын бууланат. Компрессорлор бууну адиабата түрүндө кысат да, буулангычтан конденсаторго жиберет. Анда жогорку баекычтын буулангычынын муздатуучу затынын кайноосунан суюктукка айланат. Натыйжада конденсациялоо температурасы төмөндөйт. Каскаддын жогорку баскычында да бир баскычтуу муздатуу машинанын цикли жогорку температурада ишке ашат. Ар бир баскыч үчүн муздатуучу заттар тандалып алынат. Каскаддын төмөнкү баскычында кайноо температурасы төмөн болгон муздатуучу заттар (фреон-13) колдонулат. Жогорку баскычта орточо басымда иштөөчү муздатуучу заттарды (аммиак, фреон-12, фреон-22) колдонууга болот.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.