Касмалиев, Кайбылда

Википедия дан

Касмалиев Кайбылда (1944, Ак-Талаа району, Чолок-Кайын айылы - 1996, ошол эле жер) — спортчу (дзюдо, самбо), СССРдин спорт чебери, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыргычы (1978).
1972-ж. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун бүтүргөн.
1972-жылдан ошол институтта, Бишкектеги спорттук мектеп-интернатта машыктыргыч, 1981-92-ж. ошол мектептин директору.
1992-жылдан Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясын жетектеген. Республикада дзюдо күрөшүнө негиз салуучулардан. Дзюдо, самбо күрөштөрү боюнча республиканын бир нече жолку чемпиону, көптөгөн эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды ээлеген. Көптөгөн спорт чеберлерин тарбиялаган. Эл агартуу отличниги (1978).

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.