Касмамбетов Сапарбек
Касмамбетов Сапарбек (30. 5. 1934-жылы туулган, Ысык-Көл району, Корумду айылы) – белгилүү манасчы, төкмө акын, жазуучу. 1972-жылы Каракол шаарындагы педагогикалык окуу жайын, 1982-жана башка Бейшеналиева атындагы искусство институтунун фольклор бөлүмүн бүтүргөн. 1964-жылы Балыкчы шаарындагы маданият үйүнүн директору, 1968–79-жылдары мектепте мугалим, 1979–97-жылдары Балыкчы шаарындагы балдар чыгармачылык борборунда методист, директордун орун басары болуп иштеген. 1997-жылдан аталган борбордо балдарга «Манас» сабагын окутуп келет. Манасчынын эскерүүсүнө караганда атасы Касмамбет комузду мыкты черткен, жорго сөздү түрлөнткөн, энеси Сайраке да чоң дастандарды, уламыш, жомокторду айткан жамакчы болгон. Ал өзүнүн «Манас» айтып калуусун көпчүлүк манасчылардай эле кереметтүү түш көрүү менен байланыштырат. «Бала кыялы» (1994), «Эр Кошой» (1994), «Бала Манас баяны» (1998), «Балыкчы баяны» (1998), «Билерик» (2003) аттуу китептери жарык көргөн. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Кол жазмалар фондусунда анын айтуусундагы «Семетей» эпосунун «Кырк чоронун өлүмү» аттуу окуясы жазылып, сакталып турат. 1995-жылы Лондондо Би-Би-Си радиосу уюштурган «Манас» кечесине жана 2006-жылы «Түрк тилдүү элдердин музыкасы» аттуу эл аралык илимий конференцияга «Манас» айтып катышкан. 2009-жылы Улуу Британиядагы Азия жана Африка изилдөөлөрү боюнча университет анын варианты боюнча компакт дисктери менен коштолгон «Манас» жана «Семетей» эпосторунун англис тилиндеги китебин «Семар паблишерс» басмасы тарабынан басып чыгарган. 2010-жылы «Улуу баян» коомдук фонду тарабынан Кыргыз эл манасчысы, 2011-жылы залкар манасчы деген наамдарга татып, «Манас1000», «Даңк» медалдары менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9