Жузеппе Кастильоне

Википедия дан
Кастильоне, Жузеппе, сүрөтчү‎»‎ барагынан багытталды)
Эмен, шумкар жана жалтырак козу карын. Жузеппе Кастильоненин сүрөттөрүнүн бири. 1723-35-жж.

Жузеппе Кастильоне (италиялыкча Giuseppe Castiglione; кытайча ысымы 郎世寧; транскрипцияланганда “Лаң Шиниң) (1688-жылдын 19-июлунда туулган – 1766-жылдын 17-июлунда өлгөн) – италиялык миссионер жана Кытайдын Цин императорунун аксарай сүрөтчүсү. Ал Кытайдын манчжурдук Цин сулалесинин императоруна келген кыргыз элчиси императорго аргымак тартуулап жаткан учурду сүрөткө тарткан.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жузеппе Кастильоне 1688-жылы 19-июлда италиялык Милан шаарынын Сан Марчеллино (San Marcellino) бөлүгүндө туулган.

Бала чагында Bottega degli Stampatori аттуу сүрөтчүлүк студия-мектебинде окуган.

1709-жылы иезуит агымына кирген.

Кытайдагы турмушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1715-жылы Кытайга - Ыраакы Чыгышка иезуиттердин миссионери катары сапарга аттанган.

Кытайда ал “Лаң Шиниң” ( 郎世寧) ысымын алган.

Анын сүрөтчүлүк талантын жогору баалаган Цин сулалесинин императору Цяньлун (Qianlong, 1711-1799) бул италиялык өнөрпозго Бээжиндеги Юаньминъюань багында батыш стилинде аксарай куруу ишин тапшырган.

Тартар элчиси Кытай императору Цянлунга аргымак тартуулап жаткан учур. 1757-жылы Жузеппе Кастильоне тарткан сүрөт.

Бул сүрөтчү императордун жана анын канышасынын сүрөттөрүн да тарткан. Бирок кытайлык көркөм өнөр салтына ылайык ал императордун сүрөттөгү жүзүн көлөкөсү жок кылып тартууга тийиш болгон.

Ал Кытайдын цин-манчжурдук Цин сулалесинин императоруна келген кыргыз элчиси императорго аргымак тартуулап жатканын сүрөткө тарткан.

Жузеппе Кастильоне 1766-жылы 17-июлда Бээжинде каза болгон.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кастильоненин калеминин таасири астында Кытайдын ак сарай сүрөтчүлөрү батыш сүрөтчүлүк өнөрүнүн элементтерин өздөштүрө баштаган.

Кытай менен Европанын сүрөтчүлүк өнөрүн айкалыштырган жаңы салт калыптана баштаган.

Эстутум[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Император Цяньлун. Ж.Кастильоне тарткан сүрөт.

2005-жылы Кастильоненин өмүрү тууралуу сыналгы сериясы көрсөтүлгөн.

Канаданын теги кытайлык актеру Дашан (Марк Роусвелл / Mark Rowswell) башкы ролдо ойногон бул “Аксарай сүрөтчүсү” (Palace Artist) аталган тасма Кытай борбордук сыналгы каналы (CCTV) тарабынан көрсөтүлгөн.


Сүрөт галереясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кастильоненин сүрөт тартуу ыкмасы европалык техниканы салттык кытайлык сюжеттерди тартууга колдонгону менен айырмаланган.

Чакан адабият тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке. (ISBN 9967-00-001-5). – 160 бет.
  • Yang Xin, Rihard M. Branhart, Nie Chongzheng, James Cahill, Lang Shaojun, Wu Hung. Three Thousands Years of Chinese Paintings. - Yale University Press. – Бети 282-285. – ISBN 978-0-300-07013-2.
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук / Башкы редактор А.Табалдиев, Б.Ө.Орузбаева. - Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1976-80. – Т. 1-6.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1990. – 288 бет. – (ISBN 5-89750-028-2)
  • Непомнин О.Е. История Китая: Эпоха Цин. XVII – начало XX века. М.: Восточная литература, 2005. ISBN 5-02-018400-4
  • Roland Kanz: Giuseppe Castiglione. In: Allgemeines Künstler-Lexikon. Die Bildenden Künstler aller Zeiten und Völker. Band 17. Saur, München und Leipzig 1997, ISBN 3-598-22757-4, S. 226.
  • LOEHR, G.R.: Giuseppe Castiglione, pittore de corte, Roma, 1940.
  • ZORATTO, B.: G. Castiglione: pittore italiano alla corte imperiale cinese, Fassano di Puglia, 1994.
  • BEURDELEY; M.: Peintres Jésuites en Chine au XVIIIe siècle, Éditions Anthèse, Paris, 1997.
  • CARTIER Michel (ed): Giusepe Castiglione dit Land Shining (1688-1766), Editions Favre, Lausanne, 2004.
  • Michèle Pirazzoli-T’Serstevens, Giuseppe Castiglione (1688-1766) Peintre et architecte à la cour de Chine, Thalia Édition, Paris, 2007 Page consacrée à Giuseppe Castiglione

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]