Мазмунга өтүү

Касыбеков Эркинбек Шактыбекович

Википедия — ачык энциклопедия

Касыбеков Эркинбек Шактыбекович (1963-жылы туулган, Фрунзе) – биология илимдеринин доктору (2002). КМУну (1985), Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Биология институтунун аспирантурасын (1990) бүтүргөн. 1990-жылдан ошол эле жерде кенже, улук илимий кызматкер, Каунтерпарт консорциумунда машыктыргыч – консультант, директордун орун басары, Кыргызстан орнитология илимий коомунун төрөгасы (1993), 1998-жылдан Каунтерпарт консорциумунун директору. 40тан ашык илимий эмгеги, анын ичинде 4 монографиясы бар. Эмгектери: Население наземных позвоночных Севернего Кыргызстана (в соавторстве). Б., 1991.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]