Мазмунга өтүү

Касымбеков Бейшебай

Википедия — ачык энциклопедия

Касымбеков Бейшебай (1933-жылы туулган, Ысык-Көл облусу Ысык-Көл району, Бостери айылы) – ветеринария илимдеринин доктору (1990), профессор (1993). Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери 1911). Эл аралык информация академиясынын корреспондент мүчөсү (1992). КАЧИни бүтүргөн (1955). 1955-жылы Жалал-Абад зооветеринардык мектебинде окуу бөлүмүнүн, 1956–60-жылы ветеринардык станциянын, Тянь-Шань тажрыйба станциясынын башчысы, 1960–68-жылдары Тоң районунун башкы ветеринар врачы. 1968–76-жылдары Кыргызстан мал чарба жана ветеринария ИИИде улук илимий кызматкер, сектор башчысы, 1976–80-жылдары директор. 1980–85-жылдары улук илимий кызматкер, лаборатория башчысы. 2001-жылдан Кыргыз ветеринардык көзөмөл ИИИнин паразитология бөлүмүнүн башчысы. Ветеринардык паразитология боюнча адис. 80ден ашык илимий эмгектин, анын ичинде 5 монографиянын, 2 окуу китептин автору. Эмгектери Малдын гельминтоз ылаңдары. Ф., 1984.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]