Мазмунга өтүү

Катар риалы

Википедия — ачык энциклопедия
Катар риалы  (кырг.)

Qatari Rial  (аңгл.)
Riyal du Qatar  (фр.)

Коддор жана белгилер
ISO 4217 коддору QAR (634)
Символдор QR
Аббревиатуралар ﷼ • .ر.ق • QR
Жүгүртүү чегарасы
Эмитент  Катар
Туунду жана параллелдүү бирдиктер
Бөлчөктүү Дирхам (1100)
Жүгүртүүдөгү банкноттор жана монеталар
Монеталар 1, 5, 10, 25, 50 дирхам
Банкноттор 1, 5, 10, 50, 100, 200, 500 риал
Тарыхы
Киргизилди 19.05.1973
Мурда колдонулган валюта Дубайдын жана Катардын риалы
Банкноттор жана монеталар өңдүрүшү
Эмиссиялык борбор Катардын борбордук банкы
www.qcb.gov.qa
Курстар 10 Апрель 2015-жылга көрсөтүлгөн
1 KGS = 0,05679 QAR
1 USD = 3,64 QAR
1 EUR = 3,847 QAR
1 GBP = 5,323 QAR
1 JPY = 0,03021 QAR
Курстар ЭВФ, ЕББ жана КРУБ маалыматтары боюнча автоматтык түрдө жаңыртылып турат.
2023-жылдык инфляция
Инфляция 1,8 % (сентябрь)[1]
Катар риалы Уикиказынада

Катар риялыКатар мамлекеттинин расмий акча бирдиги. ISO 4217 стандарты боюнча тамга коду — QAR, сандык коду — 634. Расмий белгиси — QR, эмитенти — Катардын Борбордук банкы. Бир катар риалы 100 дирхамдан турат[2].

Катар риалы дүйнөдөгү эң кымбат валюталардын бири жана учурдагы туруктууу курсу 1 USD ≈ 3.64 QAR.

Ислам динидеги эрежелерди жана салттарды сактоо максатында монеталарга жана банкнотторго Катардын шейхтеринин же башка көрүнүктүү инсандарынын портреттери түшүрүлбөйт.

1959-жылдын 28-апрелине чейин өлкөдө Перс булуңундагы өлкөлөр үчүн чыгарылган Перс булуңу рупийи менен алмаштырылганга чейин индия рупийи жүгүртүүлүктө болгон,Перс булуңу рупийинин курсу индия рупийинин курсуна байланган, ошондуктан 1965-жылы индия рупийинин наркы арзандаганда анын наркы да түшүп кеткен. Бул окуялардан кийин Катар Перс булуңундагы башка өлкөлөр менен катар өз улуттук акча бирдигин чыгаруу чечимине келген[2][3][4].

Катар өз улуттук акча бирдигин чыгарганга чейин 1966-жылы сауд риалына өткөн, ал кезде анын курсу 1 риал = 1,065 рупий болгон. Ошол эле жылдын сентябрында Катар менен Дубай бирдиктүү Катар жана Дубай риалын жүгүртүүгө киргизишкен. Бирок 1973-жылы Дубай БАЭнин курамына киргенден кийин, Катар өз валютасы катар риалын чыгара баштаган[2].

Катар риалынын курсу АКШ долларына байланганына карабастан, 2017-жылдын июнь–июль айларында Катардын айланасындагы дипломатиялык кризис учурунда улуттук валютанын курсу туруксуз болгон. Google Finance маалыматына ылайык, 26-июнда катар риалынын курсу 1 АКШ долларын = 3,79 риалга чейин түшүп кеткен[2][5].

1966-жылы Катар жана Дубай риалынын 1, 5, 10, 25 жана 50 дирхам номиналындагы монеталары чыгарылган. 1973-жылы ошол эле номиналдардагы жана ошол эле металл курамындагы жаңы сериядагы Катардын гана монеталары чыккан.

Азыркы учурда жүгүртүүдө негизинен 25 жана 50 дирхамдык монеталар гана колдонулат, бирок майда номиналдар (1, 5, 10 дирхам) мыйзамдуу төлөм каражаты бойдон калууда.

Сүрөт Номинал Диаметр

(мм)

Салмагы

(г)

Материал Кыры (гурт) Аверс Реверс Дата
Аверс Реверс чегилген алынган
1 дирхам 15 1,4 Жез менен капталган болот Жылмакай Үстүндө григориан жана хижра календарлары менен берилген чыгарылган датасы, ортосунда Катардын герби, астында «دولة قطر» жазуусу Ортосунда «БИР ДИРХАМ» деген жазуу, анын астында мааниси (эски версияларында чыгыш араб сандары, ал эми жаңыларында батыш араб сандары колдонулат), ортосунда «درهم» деген жазуу, ал эми анын астында «STATE OF QATAR» деген англис тилиндеги жазуу бар. 1973
5 дирхам 22 2,83 Жез менен капталган болот Жылмакай Үстүндө григориан жана хижра календарлары менен берилген чыгарылган датасы, ортосунда Катардын герби, астында «دولة قطر» жазуусу Ортосунда «БЕШ ДИРХАМ» деген жазуу, анын астында мааниси (эски версияларында чыгыш араб сандары, ал эми жаңыларында батыш араб сандары колдонулат), ортосунда «درهم» деген жазуу, ал эми анын астында «STATE OF QATAR» деген англис тилиндеги жазуу бар. 1973
10 дирхам 27 7,52 Жез менен капталган болот Жылмакай Үстүндө григориан жана хижра календарлары менен берилген чыгарылган датасы, ортосунда Катардын герби, астында «دولة قطر» жазуусу Ортосунда «ОН ДИРХАМ» деген жазуу, анын астында мааниси (эски версияларында чыгыш араб сандары, ал эми жаңыларында батыш араб сандары колдонулат), ортосунда «درهم» деген жазуу, ал эми анын астында «STATE OF QATAR» деген англис тилиндеги жазуу бар. 1973
25 дирхам 20 3,2 Никель менен капталган болот Жылмакай Үстүндө григориан жана хижра календарлары менен берилген чыгарылган датасы, ортосунда Катардын герби, астында «دولة قطر» жазуусу Ортосунда «ЖЫЙЫРМА БЕШ ДИРХАМ» деген жазуу, анын астында мааниси (эски версияларында чыгыш араб сандары, ал эми жаңыларында батыш араб сандары колдонулат), ортосунда «درهم» деген жазуу, ал эми анын астында «STATE OF QATAR» деген англис тилиндеги жазуу бар. 1973
50 дирхам 25 5,8 Никель менен капталган болот Жылмакай Үстүндө григориан жана хижра календарлары менен берилген чыгарылган датасы, ортосунда Катардын герби, астында «دولة قطر» жазуусу Ортосунда «ЭЛҮҮ ДИРХАМ» деген жазуу, анын астында мааниси (эски версияларында чыгыш араб сандары, ал эми жаңыларында батыш араб сандары колдонулат), ортосунда «درهم» деген жазуу, ал эми анын астында «STATE OF QATAR» деген англис тилиндеги жазуу бар. 1973

1966-жылдын 18-сентябрында Катар жана Дубай валюта кеңеши 1, 5, 10, 25, 50 жана 100 риал номиналындагы банкнотторду чыгарган. Алар 1973-жылдын 19-майында Катар каржы агенттигинин 1, 5, 10, 100 жана 500 риал номиналындагы бонкноттору менен алмаштырылган. 50 риал номиналындагы банкнот 1976-жылы чыккан. 1973-жылдын 5-августунда Катардын 15-декретинин негизинде Катардын Борбордук банкы түзүлгөн. Катар каржы агенттиги чыгарган бардык монеталар жана банкноттор борбордук банктын менчигине өткөн, бирок бир нече жыл бою жүгүртүүдө кала берген.

2003-жылы төртүнчү сериядагы банкноттор чыгарылган, 2007-жылдын 26-сентябрында 100 жана 500 риал жаңыланган, андан кийин 2008-жылдын 15-сентябрында 1, 5, 10 жана 50 риал жаңыланган[2].

2020-жылдын 13-декабрында Катар Борбордук банкы бешинчи сериядагы банкнотторду жүгүртүүгө чыгарган, бул серияга 200 риал номиналындагы банкнот да кирген. Бардык банкноттордун алдыңкы бети жалпы дизайнга ээ - салттуу геометриялык оюу-чиймелере, Катардын желеги, Катардын флорасы жана тарыхый архитектура. Бешинчи сериянын коргоо элементтери 2025-жылдан бери жакшыртылып келет, алгачкы өзгөртүүлөр 2025-жылдын 2-июлунда 1 риал номиналындагы банкноттадан башталган[2].

Катар 2022-жылкы FIFA Дүйнө чемпионатына арналган 22 риал номиналындагы эстелик банкноттасын чыгарган[2].

Биринчи серия

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Биринчи серия (1973–76)
Сүрөт Номинал Түсү Сүрөттөөмөсү Басып чыгарылгын датасы Колдонуудан чыгарылган датасы
Аверс Реверс Аверс Реверс
1 кызыл Катардын герби Доха порту 1973-жылдын 19-майы Белгисиз
5 күрөң жана кызгылт көк Улуттук музей
10 жашыл Катар каржы агенттигинин имараты
50 көк Мунай скважинасы 1976
100 зайтун сымал жашыл Финансы министрлиги 1973-жылдын 19-майы
500 Шейхтердин мечити
Экинчи серия (1981)
Сүрөт Номинал Түсү Сүрөттөөмөсү Басып чыгарылгын датасы Колдонуудан чыгарылган датасы
Аверс Реверс Аверс Реверс
1 күрөң Катардын герби Доха (Финансы министрлиги, Эмирдин сарайы) 1981-жылдын 7-июлу Белгисиз
5 кызгылт көк, кызыл, жашыл жана көк Койлор
10 жашыл жана сары Улуттук музей
50 көк Болот чыгарган заводдогу меш
100 зайтун сымал жашыл Катардын Борбордук банкынын имараты
500 жашыл жана көк Мунай скважинасы
Үчүнчү серия (1996)
Сүрөт Номинал Түсү Сүрөттөөмөсү Басып чыгарылгын датасы Колдонуудан чыгарылган датасы
Аверс Реверс Аверс Реверс
1 күрөң Катардын герби Доха (Финансы министрлиги, Эмирдин сарайы) 1996-жылдын 22-июну Белгисиз
5 кызгылт көк, кызыл, жашыл жана көк Койлор
10 жашыл жана сары Улуттук музей
50 көк Болот чыгарган заводдогу меш
100 зайтун сымал жашыл Катардын Борбордук банкынын имараты
500 жашыл жана көк Мунай скважинасы

Төртүнчү серия

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Төртүнчү серия (2003)
Сүрөт Номинал Түсү Сүрөттөөмөсү Басып чыгарылгын датасы Колдонуудан чыгарылган датасы
Аверс Реверс Аверс Реверс
1 боз жана көк Катардын герби Merops apiaster, топулу торгой жана Anarhynchus alexandrinus куштары 2003-жылдын 15-июну 2021-жылдын 1-июлу
5 жашыл Катардын улуттук музейи, төө, орикс
10 саргылт Дау, кум дюналары (дөбөлөрү)
50 кызгылт Доха Корниш жээк тилкеси жана Катардын Борбордук банкынын имараты
100 жашыл жана алтын сымал сары Эски мечит жана Аль-Шакаб институту 2009-жылдын 15-июну
500 көк Имараттар
Төртүнчү сериянын кайра чыгарылышы (2007-2008)
Сүрөт Номинал Түсү Сүрөттөөмөсү Басып чыгарылгын датасы Колдонуудан чыгарылган датасы
Аверс Реверс Аверс Реверс
1 боз жана көк Катардын герби Merops apiaster, топулу торгой жана Anarhynchus alexandrinus куштары 2008-жылдын 15-сентябры 2021-жылдын 1-июлу
5 жашыл Катардын улуттук музейи, төө, орикс
10 саргылт Дау, кум дюналары (дөбөлөрү)
50 кызгылт Доха Корниш жээк тилкеси жана Катардын Борбордук банкынын имараты
100 жашыл жана алтын сымал сары Эски мечит жана Аль-Шакаб институту 2007-жылдын 26-сентябры
500 көк Имараттар

Бешинчи серия

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Бешинчи серия (2020)
Сүрөт Номинал Түсү Сүрөттөөмөсү Басып чыгарылгын датасы Колдонуудан чыгарылган датасы
Аверс Реверс Аверс Реверс
1 жашыл Катардын желеги, dreama гүлү, Катардын тарыхый архитектурасын чагылдырган дарбаза Дау, устрица менен бермет эстелиги 2020-жылдын 18-декабры Жүгүртүүдө
5 күрөң Чөлдүн фаунасы, флорасы
10 көк Лусаил стадиону, Torch Tower, Sidra Medicine жана Education City имараттары
50 кызыл Катардын Борбордук банкынын имараты жана Финансы министрлигинин имараты
100 көгүлтүр Абу аль-Кубайб мечити
200 саргылт Шейх Абдулла бин Жассим Аль-Танинин сарайы, Катардын Улуттук музейи жана Ислам искусствосу музейи
500 кызгылт көк Рас Лаффан LNG мунайды кайра иштетүүчү заводу жана LNG танкери
Бешинчи сериянын кайра чыгарылышы (2025)
Сүрөт Номинал Түсү Сүрөттөөмөсү Басып чыгарылгын датасы Колдонуудан чыгарылган датасы
Аверс Реверс Аверс Реверс
1 жашыл Катардын желеги, dreama гүлү, Катардын тарыхый архитектурасын чагылдырган дарбаза Дау, устрица менен бермет эстелиги 2025-жылдын 2-июлу Жүгүртүүдө

Эстелик банкноттор

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Эстелик банкноттор
Сүрөт Номинал Түсү Сүрөттөөмөсү Басып чыгарылгын датасы Колдонуудан чыгарылган датасы
Аверс Реверс Аверс Реверс
22 күрөң, жашыл, көк, саргылт, жана кызгылт көк Лусаил стадиону Мунара, дау, Аль-Байт стадиону, глобус 2022-жылдын 9-ноябры Жүгүртүүдө

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]