Катмарлануу (геологияда)

Википедия дан

Катмарлануу (геологияда) - чекмо жана жанар тоо тектеринин жер кыртышында кат-кат болуп жайгашуусу; геологиялык кесилиште бир катмардын экинчиси менен алмашуусу.

Мында бири биринен минералдык курамы, өңү, тоо текти түзүүчү бөлүкчөлөрдүн өзгөчөлүгү ж. б. менен айырмаланып турган тоо тек катмарларынын иреттүү жайгашуусу жүрөт. Катмарлануунун негизги элементи - катмардын (кат же кабаттын) асты менен үстүндөгү Катмарлануу бети. Ал катмарларды бири биринен бөлүп турат. Адегенде Катмарлануу бети горизонталь абалында жатат, кийин тектоникалык кыймылдардан эңкейиш тартып калат же татаал бүктөлүп, ийилет. Катмарлануу бетинин мейкиндиктеги абалы боюнча жарыш жана кыйгач, катмарлардын калыңдыгы боюнча микро (1 мм ге чейин), эн, жука (1 - 5 мм) жука (5 мм - 1 см), калың (1 - 10 см), ири (1 м ге жана андан калың,) Катмарлануу болуп бөлүнөт.

Чөгүү дайыма тынымсыз бирдей шартта жүрсө - ири, өзгөрсө жука Катмарлануу пайда болот. Катмарлануу токтоп калса, геологиялык тыныгуу деп аталып, ал кабаттардын жарыш болбой, кандайдыр бурч менен жатышы, конгломерат кабаттарынын болушу, суу жеп кетүүдөн пайда болгон астыңкы беттеги толкун сымал издер ж. б. боюнча аныкталат. Тоо тек катмарларынын Катмарлануусун анализдөө менен алардын пайда болуусундагы физикалык-географиялык жана геологиялык шарттар аныкталат, чөкмө кендер изделет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.