Катоддук чачыратуу
Көрүнүш
Катоддук чачыратуу – катуу заттын бетин атом, ион жана нейтрон менен бомбалоодон катуу заттын бузулушу; газдарда разряд жүрүп жаткан кезде оң иондордун соккусуна терс электроддун (катоддун) иондорунун чачыроосу ошол сокку урулган бетти бузулууга алып келүүчү кубулуш.
Алгач электр-вакуумдуу жана газ разряддуу прибордо катоддун бузулушу катары байкалган. Чачыратуу продуктулары болуп атомдор, оң жана терс иондор, о. эле бейтарап жана иондошкон атомдук комплекс-тер (клистер) эсептелет. Катоддук чачыратуу бетти тазалоо, заттын түзүлүшүн аныктоо, жука кабыкча (плёнка) алуу үчүн колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0