Мазмунга өтүү

Каттахаз кум-шагыл кени

Википедия — ачык энциклопедия

Каттахаз кум-шагыл кени - Ош облусунун Кара-Суу районунда, Ош шаарынан 2–3 км түштүк-батышта, Ак-Буура суусунун сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 1000–1300 м бийиктикте. 1977-жылы Түштүк Кыргыз геологиялык экспедициясы чалгындаган. Калыңдыгы 30 мден 70 мге жеткен плиоцен төмөнкү төртүнчүлүк мезгилиндеги аллювий кум-шагылдан түзүлгөн. Кум-шагылдын астында конгломераттар жатат, калыңдыгы 7,5–10 мге жеткен кумайлуу чопо менен жабылып калган. Кошундуда 25,5% койташ, 52% шагыл, 22,5% кум бар. Кум-шагыл «300» маркадагы бетон даярдоого жарамдуу. Запасы А+В категориясы боюнча – 6000 миң3, С1 – 9700 миң3, А+В+С1 – 15700 м3. 1997-жылга карата баланстагы запасы А – 122 миң3, В – 1841 миң м3, А+В – 1963 миң м3, С1 – 9700 миң м3, А+В+С1 – 11663 миң м3.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]