Катын-Арт ашуусу

Википедия дан
Катынарт, ашуусу‎»‎ барагынан багытталды)

Катын-Арт ашуусуАлай кырка тоосунда Алай (Түштүк) жана Гүлчө (Түндүк) өрөөндөрүн байланыштырат. Бийиктиги 3514 м. Тоо кыркаларынын ашуудан салыштырмалуу бийиктиги 200– 300 м. Ашуунун бели анча татаал эмес. Тоо кырлары тайпак, түздүктүн калдыктары кездешет. Негизинен палеозойдун акиташ тектеринен түзүлгөн. Ашуу аркылуу Ош-Хорог автомобиль жолу өтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]