Катыраң

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

КатыраңБаткен облусунун Лейлек районундагы кыштак. Катыраң айыл округуна караштуу. Козу-Баглан суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1190 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Исфана шаарынан 60 км чыгыш тарапта. Пролетарск темир жол станциясынан (Тажикстан) 114 км. Калкы 4197 (2009); негизинен мал жана дыйкан чарбаларын да эмгектенет. Эки орто мектеп, китепкана, клуб, кесиптик-техникалык лицей, оорукана, дарыкана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, соода түйүндөрү, базарча, тамактануу жайлары иштейт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]