Катыштар
Катыштар – курчап турган чындыкты туура, көркөм жана толук сүрөттөөдө эң маанилүү каражат катары ар бир жарыктык – түстүк (тондун) башка (көбүнчө коңшулаш) түрлөр менен өз ара тыгыз байланышын аныктаган көркөм практика термини, к. Жарык шаңы, Түс макалаларын. Көркөм материалдарынын физикалык касиеттери боюнча живопись менен графика үчүн толук жетиштүү болгон жарык шаңынын диапазону табигый диапазондон бир топ эле тайкы, ошондуктан натурадагы түстүк өзгөрүүлөрдү сүрөтчү бир гана пропорциялык дал келүү ыкмасынын жардамы менен кайра түзө алат. Ал жарык шаңдык жана түстүк катыштар менен предметтик дүйнөнүн анык чагылдырылышына, көлөмдүү формасын туура моделдөөгө анын материалдуулугун, мейкиндик тереңдигин жана башка сапат, касиеттерин сүрөттөөгө жетишет. Туура пропорциядагы түрдүк К-тардын тактыгы менен көркөмдүгү өз учурунда контрасттык К-дан да тактыкты талап кылат. Натурада да, живописте да коңшулаш жайгашкан түрлөр бири-бирине жаңы сапаттагы өңдүү берүү менен өз ара аракетте болушат. Ошондуктан практикада өзүнчө турган ар бир түс өз бетинче эмес, башка түрлөр менен өз ара катышта гана туура жана так боло алат. Бул жарык шаңдык жана түстүк контраст мыйзам ченемдүүлүгүнүн негизин түзөт. К. термини түрлөргө гана колдонулат, бирок ал кеңири мааниде да колдонулушу мүмкүн, себеби көркөм чыгарманын кайсы гана деталы болбосун, ал дайыма жалпы көркөм чыгармага жана анын башка деталдарынын өз ара катышына көз каранды. Пропорция менен салыштыр.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004