Каф сүрөсү

Википедия дан

50-сүрө «Каф[1]»[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Меккеде түшүрүлгөн. Кырк беш айаттан турат.
  • Кыргызча котормо мааниси
  • Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
  • 1. Каф[2]. Ыйык Куранга[3] ант!
  • 2. Аларга өздөрүнүн арасынан чыккан эскертүүчү келген кезде каапырлар: “Бул өтө таң каларлык нерсе”, – дешти.
  • 3. “Качан биз өлгөндө жана топуракка айланганда... Мындай кайра кайтуу (тирилүү) узак нерсе”, – дешти.
  • 4. Биз алардан[4] жер эмнени алып кеткендигин[5] билебиз жана Бизде баары сакталган Китеп бар.
  • 5. Бирок алар өздөрүнө чындык келгенде аны жалган дешти. Эми алар – күмөнсүрөшүүдө.
  • 6. Ырас эле алар үстүлөрүндөгү асманга карашпайбы? Биз аны кандайча куруп кооздогонубузга жана анда (асманда) эч кандай жылчык[6] жок экендигине карашпайбы?
  • 7. Биз Жерди жайып кенен кылдык жана анда тоолорду орноттук. Анан анда түрдүү кооз өсүмдүктөрдү жуп-жубу менен өстүрдүк.
  • 8. Биз буларды бардык кайтуучу пенделерибизге эскертме жана үлгү үчүн жасадык.
  • 9. Биз асмандан берекелүү жамгырды жаадырдык. Анан аны менен дарактарды жана орулуп, жыйналуучу дандарды өстүрдүк.
  • 10. Жыш мөмөлүү катарлаш өскөн, узун өскөн курма дарактарын –
  • 11. пенделерибиз ырыскылануу үчүн ... Аны[7] менен өлгөн жерди кайрадан тирилттик. Кайра чыгуу[8] да ушундай болот.
  • 12. Аларга чейин да Нухтун коому менен Кудук ээлери жана Самуд эли жалганга чыгарышты.
  • 13. Аад, фараон жана Луттун[9] туугандары (да)
  • 14. Бактын ээлери жана Тубба коому. Алардын баары пайгамбарларды жалганга чыгарышкан. Бул үчүн аларга азап болору акыйкатталды.
  • 15. Биз алгачкы жаратууга алсыздык кылыптырбызбы? Жок, бирок алар жаңы жаратуу[10] жөнүндө шектенүүдө.
  • 16. Акыйкатта Биз инсанды жараттык жана анын көңүлү азгырган нерселерди да билебиз. Биз ага күрөө (моюн) тамырынан да жакыныраакпыз.
  • 17. Оңдон жана солдон эки жазуучу[11] олтуруп жазып турат.
  • 18. Эмне сөз сүйлөсө да, анын алдында көзөмөлдөп дайар турат.
  • 19. Өлүм мастыгы чындап келет! Өлүм бул – сен андан качкан нерсе.
  • 20. Сурнай тартылып, убада кылынган күн келип жетет.
  • 21. Ошондо бардык жандар келишет. Алар менен айдоочу[12] жана күбө[13] бирге (келет).
  • 22. “Сен бейкам элең, анан Биз сенден жабууңду ачып салдык, ошентип бүгүн сенин көзүң өткүр[14] (болду)”, – делет.
  • 23. (Ошондо) анын жандоочусу[15]: “Бул – менин алдымдагы нерсе, баары дайар”, – (дейт).
  • 24. “Каапыр жана чындыкка каршы чыккан көктүн[16] бүт баарын отко ыргыткыла
  • 25. жакшылык кылууга тоскоол болгон, заалым жана шек келтиргенди...
  • 26. ал Аллага башка кудайларды[17] да шерик кылган, аны катуу азапка ыргыткыла!” (деп буйрулат).
  • 27. (Ошондо) анын жандоочусу[18]: “Оо Эгебиз! Аны мен жолдон чыгарганым жок, ал өзү терең адашты”, – дейт.
  • 28. Ал[19] айтат: “Менин алдымда тартышпагыла! Мен силерге алда качан эскерткем”.
  • 29. Менин алдымда сөз өзгөрүлбөйт жана Мен өз пенделериме адилетсиздик кылбаймын.
  • 30. Ошол Күнү Биз тозокко: “Сен толдуңбу?” – деп сурайбыз. Ал болсо: “Дагы ашыкча барбы?” – деп сурайт.
  • 31. Бейиш жакындады. Ал такыбалар үчүн алыс эмес.
  • 32. Бул ар бир кайтуучу жана сактоочуга[20] убада кылынган нерселер.
  • 33. Мээримдүүнү[21] көрбөй туруп корккон жана тобо кылуучу жүрөк менен келгендерге
  • 34. “Ага[22] тынчтык менен киргиле! Бул – түбөлүктүүлүк Күн!” (делет).
  • 35. Мында алар[23] эмнени кааласа бар. Бизде ашыкчасы[24] да бар.
  • 36. Биз алардан мурунку доордо жашап өткөн, алардан да күчтүү-кубаттууларын жок кылдык! Алар шаарларда тентип жүрүштү. Анан алар (өлүмдөн) кутула алыштыбы?
  • 37. Албетте мында[25] чын дилден берилгенге, же кулак салганга эскертме бар. Ага өзү күбө.
  • 38. Акыйкатта Биз асмандар менен жерди алты күндө жараттык. Буга Биз чарчап калган жокпуз[26].
  • 39. Алардын айткандарына сабыр кыл. Күн чыгардан жана күн батаардан мурун өз Эгеңди мактап-аруула!
  • 40. Аны түндө дагы аруула! Сежделердин[27] артынан да (аруула).
  • 41. Уккун! үн салуучу жакын эле жерден үн салган күнү.
  • 42. Ошол күнү алар үндү чындап угушат. Бул (мүрзөлөрдөн) чыгуу Күнү!
  • 43. Акыйкатта Биз тирилтебиз, өлтүрөбүз жана Бизге кайтуу бар.
  • 44. Ошол Күнү бардык жерлер жарылат жана андан шашыла чыгып келишет.[28] Бул жыйынды кылуу Биз үчүн жеңил.
  • 45. Биз алардын эмне деп жаткандарынын баарын билебиз. Алардын үстүнөн сенде бийлик жок. Андыктан убада кылынган күндөн корккондорду гана Куран менен эскерт.
  • [1] Мааниси бир Аллага гана маалым
  • [2] Мааниси бир Аллага гана маалым
  • [3] Даңктуу, даңазалуу, атактуу деген да маанини билдирет.
  • [4] Өлгөн инсандардан.
  • [5] Жан калып жер денени гана алып кетет, б. а. койнуна алат.
  • [6] Өтмө маанисинде: айып, кемтик ж. б.
  • [7] Жаан менен. 30-айат, 24-сүрөгө караңыз.
  • [8] Кыйаматта мүрзөдөн кайра тирилип чыгуу.
  • [9] Караңыз: 26:123, 2: 49-50.
  • [10] Кайра тирилтүү.
  • [11] Адамдын сооп жана күнөөлөрүн. К. 56:27.
  • [12] Периште.
  • [13] Жазып, каттап туруучу периште.
  • [14] Бул сөз каапырларга айтылат. Алар эми баарын ачык-айкын көрүп-билип түшүнүшөт.
  • [15] Периште.
  • [16] Акты чанган тоң мойун.
  • [17] Бирок Алладан башка кудай жок.
  • [18] Шайтан.
  • [19] Алла.
  • [20] Шарийатты.
  • [21] Алланы.
  • [22] Бейишке.
  • [23] Бейиштегилер.
  • [24] Мухаммед (а.с.) айткан: “Бейиште көз көрүп, кулак укпаган жана адам баласынын ойуна келбеген нерселер бар”.
  • [25] Айтылгандарда.
  • [26] Бул Бизге кыйын эмес.
  • [27] Намаздардын.
  • [28] Тирилтилген пенделер.