Мазмунга өтүү

Кахексия

Википедия дан

Кахексия (kakоs – жаман жана hеxis – абал) – организмдин өтө начарлап, физикалык алсыздануусу. Мында өтө арыктап, тери бырышып кургайт, бардык орган жана ткандары жабыркайт, май ткандары түгөнүп, булчуңдар, ички органдар кичирейип, кан сары суусундагы белоктор азаят, ак шишик басып, кээде психика бузулушу мүмкүн. Анын пайда болушуна узакка жетишсиз тамактануу же ачка болуу, зат алмашуунун өтө бузулушу, мышьяк, коргошун, сымап, фтор менен өнөкөт уулануу, тамак сиңирүү жолунун оор жабыркашы себеп болот. ошондой эле туберкулёз жана башка өнөкөт оорулардын оор өтүшү, айрым ички секреция бездеринин (гипофиз, калкан сымал без, уйку бези жана башка) жабыркашы, кызыл өңгөч, карындын рак шишиктери жана башка да кахексияга алып келиши мүмкүн.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]