Кахрамонжон Шакиров

Википедия дан
Кахрамонжон Шакиров
Ишмердүүлүк тармагы:

Ишкер

Туулган датасы:

23 -октябрь 1984(1984-10-23) (39 жаш)

Туулган жери:

Үч-Коргон айылы,

Кадамжай району, Кыргызстан
Жарандыгы:

 Кыргызстан

Сыйлыктары:

Кыргыз Республикасынын "Билим беруу Мыктысы" тош белгиси - 2013 жыл

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

23 октябрь 1984 жылы Ош (Баткен) облусу, Фрунзе (Кадамжай) районуна карашту Үч-коргон айылында туулган. Үй-бүлөдө чоңу, 1987—1989 жылдарында Саида эже жана Галины Семеновна кол астында «Колосок» атындагы балдар бакчасында тарбыяланган. 1989—1990 окуу жылында № 15 Садриддин Айни орто мектебине 1 класска, Солижонова Улмасхон эжеке кол астына окууга барган. Мектепти ийгиликтүү бүтүрүп 2000—2001 окуу жылында Баткен Мамлекеттик Университинин, Кызылкыядагы Экономика Укук жана Технология Институтунун факультет «Эл аралык маамиле» факультетинин "Англис тили кошумча тилдер аралык маалыматтарды компьютерда колдонуу" адистиги боюнча окууга кирген. Окууда жакшы жетишкендиктери үчүн 2005 жылда КЭУТИ БатМУ-нун, Колдонмо механика кафедрасынын улуу лаборанты жана ЖОЖ-ын Жаштар уюмунун төрагасы болуп ишке которулган. 2006-2010 окуу жылыдарында ЖОЖ-дын "Котормо жана котормо таану" кафедрасында англис тили мугалими болуп иштей баштаган. 2009-2010 окуу жылында Үч-коргон орто мектебине Информатика жана англис тили мугалими болуп жумуштан которулган. 2010 жылында "Санарип жаштардын маеги" долбору боюнча эл аралык АЙРЕКС уюмунун Билим берүүдөгү маалымат-технологияларды колдонуучу адиси болуп иштеп, 2012 жылынын март айында "Open World" программасы менен, АЙРЕКС-тин колдоосу менен Америка кошмо Штаттарынын Колорадо, Денвер, Чикаго жана Вашингтон шаарларына "Дистанттык окутуу" долборуу боюнча ийгиликтуу катышкан.

Эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2006-2007 окуу жылында "Котормо жана котормо таану" кафедрасына жетектоочу мугалими болуп иштеген.2007-2009 окуу жылыдна "Экология жана туризм" факультетинин деканынын тарбыя жана контракт иштери боюнча орун басары болуп иштеген. 2010 жылга чейин "Жаштар уюмунун" төрагасы жана КИТЭП БатМУ (ЖОЖ)-дын курама КВН командасын капитаны, Нестандарт командасынын негиздеген. 2010 жылдан азыркы күнгө чейин Мамадалы Курбанов орто мектебинде Англис тили жана информатики мугалими болуп иштейт. Амеркикадан кайткандан соң "Салбуурун" көркөм тасмасыга чакырылып, башкы ролдордон бири, тажик улутунун Рустам персонаждык каарманын ойногон. 2012 жылдын 1 июнунан 10 июнуга чейин Кыргыз Респуликасынын "Жалпы Республикалык Тестирлөө" Archived 2021-02-27 at the Wayback Machine-дө Баткен областына администратор болуп иштеп келген.