1. Өз пендесине[2] Китепти[3] түшүргөн жана аны[4] эч бир кемчиликсиз кылган Аллага мактоо!
2. Катуу азапты эскертүү жана жакшы амалдарды[5] жасаган момундарга жакшы сыйлык бар экенин сүйүнчүлөө үчүн Анын[6] алдынан түз абалда (түшкөн).
3. Алар[7] Бейиште түбөлүк турушат.
4. Ошондой эле, «Алланын баласы бар[8]», – дегендерге[9] да эскертүү үчүн түшүрүлдү.
5. Алардын өздөрүндө да, ата-бабаларында[10] да маалымат жок. (Алардын) оозунан чыккан сөз абдан чоң (күнөө). Чындыгында, алар[11] жалганды гана сүйлөшөт.
6. [12]Эми алар бул Куранга ишенбесе, аларга абдан кейип, өзүңдү жок кылып жибергиң келет.
7. Биз адам баласынын кимиси жакшы амалдарды жасаарын сыноо максатында жер үстүндөгү нерселерди – жердин көркү кылып койдук.
8. Албетте, Биз жер бетиндеги бардык нерселерди өнүмсүз[13] топуракка айландырабыз.
9. [14]Үңкүрдөгүлөр менен (аттары) жазылган тактайды таң калаарлык белгилерден[15] деп ойлодуңбу[16]?
10. Ошол учурда жигиттер үңкүргө бекиништи да: «Оо, Эгебиз! Бизге Өз алдыңдан ырайым ырооло! Биз үчүн бул ишибизде[17] туура жол көрсөт!» – дешти.
11. Ошондо алардын кулактарын узак жылдар бойу парда менен тосуп койдук[18].
12. Кийин, эки тараптын[19] кайсынысы алардын жаткан мезгилин (так) эсептегендигин аныктоо үчүн аларды ойготтук.
13. Биз сага[20] алардын кабарын чындык түрүндө байан кылабыз. Алар Эгелерине[21] чыныгы ишенген жигиттер болчу, ошентсе да алардын такыбалыктарын арттырып койдук.
14. Алардын жүрөктөрүн бекемдедик. Ошол убакытта алар тике туруп: «Биздин Эгебиз – асмандар менен жердин да Эгеси! Андан башка кудайга эч качан жалбарбайбыз. Андай кылсак, анда биз чектен абдан ашкан болобуз.
15. Мына, элибиз Алладан башканы кудай тутунуп алышты. Бирок алар ага[22] байланыштуу даана далил да келтире алышкан жок. Аллага жалган жалаа жапкан[23] адамдан да ашкан заалым барбы?!», – дешти.
16. (Алар өз ара): «Адашкан элден да, алардын Алладан башка сыйынгандарынан да жүз буруп, үңкүргө бекингиле! Алла ырайымын чачсын. Ошентип, биздин ишибизге оңойлук буйрусун, – дешти.
17. [24]Күн чыккан мезгилде [25]үңкүрлөрүнүн оң жагынан эңкейип[26], күн батып баратып аларды сол жакта калтырганын[27] көрмөксүң. Алар үңкүрдүн кенен жеринде (уктап жатышты). Бул – Алланын белгилеринен. Алла кимди түзөсө, ошол – Туура Жолдо. Ал кимди адаштырса, анда ага эч бир жардамчы да, туура жолго баштоочу да таба албайсың.
18. Аларды[28] ойгоо жатышат деп ойлойсуң. Чындыгында алар уктап жатышкан эле. Аларды оңго, солго оодарып турдук[29]. Ити эки бутун жазданган бойунча босогодо (жатты). Эгер аларды[30] көргөн болсоң, алардан[31]ичиңе коркунуч толуп, бурулуп качмаксың.
19. Ошентип, алар бири-биринен сурашсын деп ойготтук. Алардын бири: «Канча убакыт[32] жаттык?!» – деп сурады. (Экинчиси): «Бир күн же жарым эле күн (уктап калыппыз)» – дешти. (үчүнчүсү): «Канча убакыт жатканыңарды Эгебиз[33] мыкты билет. Мына бул акчалар менен бирөөбүздү шаарга жиберели. Тамактардын кайсынысы адал болсо ошонусун (сатып) алып, кайра келсин. Бирок этийат болуп эч кимге сездирбесин», – дешти[34].
20. «Анткени, эгер шаар калкы силер тууралуу билип калса, таш бараңга алышат, же болбосо өз диндерине кайтарышат. Андай болсо[35] эч качан кутула албайсыңар» – дешти.
21. Ошентип, Алла Өз убадасынын чындыгын, Кыйаматтын шексиздигин адамдарга туйунтуу үчүн аларга (элге) маалым кылды[36]. Ошол кезде алар[37] – тигилер[38] жөнүндө талашып жатышты. Кээ бирөөлөрү: «Алардын үстүнө үй салуу керек[39]», – деди. Алардын[40] жетекчилери болсо: «Ырасында, булардын үстүнө мечит куруп алалы» – дешти.
22. (Айрымдар): «Алар үчөө, төртүнчүсү ити болчу», – дешсе, кээ бирөөлөр: «Алар бешөө, алтынчысы ити болчу», – дешти. Ал эми башкалары: «Алар жетөө, сегизинчиси ити», – деди. [41]«Алардын санын Эгем жакшы билет. Адамдардын өтө азы гана[42] билет», – дегин. Ошол үчүн алар жөнүндө өтө терең талашып, алар тууралу эч бирөөдөн маалымат сураба.
23. [43]Эч нерсени: «Ушуну эртең жасаймын!» – деп айтпа.
24. «Алла кааласа (жасаймын)» – дегин. Эгер[44] унутуп калсаң, Эгеңди эстээриң менен: «Эгем мени мындан да тууралыкка жакырыраак жолго салууңдан үмүткөрмүн», – деп айткын[45].
25. Алар[46] үңкүрдө үч жүз жыл жатышты. Дагы тогуз жыл кошулду[47].
26. [48]«Алардын канча жатканын Алла жакшы билет. Асмандар менен жердеги кайып-сырларды билүү Ага гана таандык. Ал – Көрүүчү, Кабардар! Аларга Алладан башка бир да көмөкчү жок. Ал өз өкүмүнө эч кимди шерик кылбайт», – деп айткын.
27. Эгеңдин Китебинен сага түшүрүлгөндөрдү окуп бергин. Анын[49] Сөздөрүн алмаштыруучу жок[50]. [51]Андан башка баш калкалаар жай да таба албайсыңар.
28. [52] Эгеңерге таңда жана кечинде, Анын ыраазылыгын эңсеп жалбаргандар менен чогуу өзүң да сабыр кыл. Бул дүйнө тиричилигинин жыргалын каалап, көздөрүңдү (мусулмандардан) башкага[53] бурба.Анткени Биз жүрөктөрүн Бизди эстөөдөн капарсыз кылып койгон жана өз кумарданууларын гана ээрчиген, иши чектен ашкан адамдарга баш ийбе.
29. “Бул Акыйкат (Куран) – Эгеңерден (түшкөн)!” – деп айткын. Ошондон кийин ким кааласа (Аллага) ишенсин, ким кааласа каапыр болсун. Чындыгында, Биз заалымдар үчүн дубалдары курчап ала турган Тозок отун дайардап койгонбуз. Эгер алар суу сурап жалбарса, майдын калдыгы сыйактуу, беттерди куйкалап кетүүчү суу берилет. Ал кандай гана жаман суусундук жана ал жер – кандай гана жаман жер!
30. Ыйман келтирип, жакшы иштерди жасагандардын жана сооптуу амалдарды кылгандардын мээнетин текке кетирбейбиз.
31. Мына ошолор үчүн алдынан дарыйалар агып турган Адн (аттуу) Бейиш бар. Алар анда алтындан жасалган билериктер менен жасанышат. Алар калың жана жука жашыл жибектен кийимдерди кийишет да, мамыктарга сүйөнүп олтурушат. Бул – кандай улуу сыйлык жана кандай сонун жай!
32. [54]Аларга эки адамдын мисалын байан кылып бер: “Бирөөсүнө жүзүмдөрдөн эки бак жасадык. Ал эки бактын аралыгын курма дарактары менен курчап (койдук). Ошол эки бактын аралыгын эгинзар кылдык.
33. Эки бак тең жемиштерин берди. Андан эч нерсе кемитилген жок. Ортолорунан булак агызып койдук.
34. Анын (эки бактан түшкөн) мөмөлөрү бар эле. Ошондо ал жолдошу менен сүйлөшүп жатып (мактанды): “Мен сага караганда мал-мүлк жагынан молчулукта, баш (бала-чака) жагынан да үстөмдүүлүк кылам”[55].
35. Ал (каапыр) ошентип, өзүнө зулумдук кылган тейде бакчасына кирди да: “Мунумдун жок болуп кетүүсү ойума да келбейт[56].
36. Анын үстүнө Кыйаматтын болорун да ойлобоймун[57], Эгер чындап эле Жаратканга кайта турган болсом, мындан да жакшы жерди (ал жактан да) сөзсүз табам”, – деди.
37. Жолдошу ага жооп берип: “Сени (оболу) топурактан, андан кийин бир тамчы суудан жаратып, анан келбет берип адам кылган Аллага каапырлык кыласыңбы?
38. Менин Эгем – Алла. Эгеме эч кимди шерик кылбаймын!”, – деди.
39. Өз багыңа кирген убагыңда эмне үчүн: “Эгер азыр мени мал-мүлк жана бала жагынан өзүңдөн кем көрсөң да, бул – Алланын каалоосу. Алладан башка эч бир кубат жок!
40. Эгемдин мага сенин багыңдан жакшыраагын бериши, сеникинин үстүнө көктөн апаат (чагылган) жиберип, тептегиз какыр топуракка айлантышы мүмкүн.
41. Болбосо багыңдын суусу тартылып, аны эч качан издеп таба албай каласың”, – деп айтканың жок?
42. Анан анын жемиштери жок болуп[58], чатыры бузулуп, бош калган багына сарптаган нерселерине[59] өкүнүп, ал эки алаканын укалай баштады да: “Аттиң! Эгеме эч кимди шерик кошпосом болмок экен”, – деди.
43. Ага Алладан башка жардам берээр бир да тайпа жок. Ал тургай өзүнө (өзү) да жардам бере албайт.
44. Анткени чыныгы жардам – Аллага гана таандык! Ал – сыйлык берүүнүн мыктысы жана натыйжа чыгаруу жагынан да эң жакшысы.
45. [60]Аларга бул дүйнө тиричилигинен бир мисал келтир: Бул дүйнө тиричилиги – Биз асмандан жаадырган жамгыр сыйактуу. (Жамгыр жааса) жердин өсүмдүктөрү бири-бирине оролушуп, кулпуруп, анан кургак үйүндүгө айланып, андан соң шамал учуруп кеткен өңдүү... (эле бир көрүнүш). Чындыгында, Алла бардык нерсеге Кудуреттүү!
"46. Мал-мүлк менен бала-чакалар – дүйнө тиричилигинин (гана) көркү. Ал эми түбөлүк кала турган жакшылыктар болсо – Эгеңдин алдында. Жакшы иштер – сыйлык жагынан да, үмүт жагынан да мыкты.
Мал-мүлк менен бала-чакалар - дүйнө тиричилигинин (гана) көркү (жок болот). Ал эми түбөлүк кала турган жакшылыктар болсо - Эгеңдин алдында. Жакшы иштер - сыйлык жагынан да, үмүт жагынан да мыкты"
47. Кыйамат Күнү тоолорду козгойбуз да, жердин тептегиз болгонун көрөсүң. Алардын[61] баарын, эч кимисин калтырбай жыйнайбыз.
48. Алар Эгесинин алдына катар-катар болуп алып келинет. Аларга: “Оболу кандай жараткан болсок, ошол кейипте (жылаңач) келдиңер. Силерге убадаланган мөөнөт берилбейт[62] деп ойлогонсуңар” (– деп айтылат).
49. (Ар бир адамга) амал дептери койулат. Ошондо каапырлардын андан коркконун көрөсүң. Алар: “О, азаптуу күн! Бизге кандай өкүнүч (камдалган). Мына (амал) китепте кичинени да, чоңду да калтырбай тизмелептир!” – дешет. Ошондо алар (өздөрү) жасагандарды өз алдынан табышат[63]. Бирок Эгең эч кимге адилетсиздик кылбайт[64].
50. [65]Ошол убакта[66] периштелерге: “ Адамга сежде кылгыла!” – деген элек. Иблистен[67] башка бардык периштелер сежде кылышты. Жалындан жаратылган ал Эгесинин буйругунан (аткаруудан) баш тартты. Эми Менден башка[68]аны[69] жана анын урпактарын дос тутасыңарбы?![70] Алар[71] – силерге душман! [72]Заалымдар үчүн кандай жаман өзгөрүш!
51. Мен асмандар менен жерди жаратканда жана алардын (шайтандардын) өздөрүн жараткан кезде – аларга муктаждыктан жараткан эмесмин. Азгыруучуларды[73] көмөкчү да кылган эмесмин[74].
52. Кыйамат Күнү – Алла (каапырларга): “Өзүңөрдүн Мага шерик деп ойлогонуңарды чакыргыла!”, – деп буйурат. Ошондо аларды[75] чакырышат. Бирок алар (сөлөкөттөр) аларга жооп беришпейт[76]. Ошондуктан алардын ортолоруна бир азап өрөөнүн жасайбыз.
53. Күнөөкөрлөр Тозоктун отун көрүп, ошондо ага өздөрү түшө турганын билишет. Бирок андан бурулар[77] жер таба алышпайт!
54. Чындыгында, ушул Куранда адам баласы үчүн бардык нерсени ачык-айрым байандадык. Бирок адам баласы көп нерселерде жаңжалчыл[78].
55. Адам баласына туура (сүйлөгөн) жетекчи[79] келсе, алардын ыйман келтирүүлөрүнө, Эгелеринен кечирим суроолоруна кедерги болгон нерсе бул – мурункуларга келген апааттардын өздөрүнө да жетишин[80] же көрүнөө азаптын өздөрүнүн дал алдына келишин[81] каалагандыктары болгон.
56. Чындыгында, элчилерди[82] [83]кубандыруучу жана [84]эскертүүчу кылып жибердик. (Бирок), каапырлар (тамыры) бош, жараксыз нерселер[85] аркылуу чындыкты[86] жокко чыгарууга аракет кылышат. Ошондуктан Менин айаттарымды жана эскерткен нерселеримди келеке кылышат.
57. Эгеңердин айаттары аркылуу үгүттөлүп, андан жүз үйрүгөн жана мурунку өз колу менен жасагандарын унуткан кишиден да заалымыраак ким бар? Чындыгында, алардын жүрөктөрүнө аны түшүнбөй турган тосмону жана кулактарына кереңдикти пайда кылдык. Аларды тууралыкка чакырсаң да эч качан (ал) жолго келишпейт.
58. Эгең – Кечиримдүү, Ырайымдуу. Эгер аларды өз кылыктарынан улам азапка сала турган болсо, албетте, аларга азапты тездетмек. Алар үчүн белгилүү бир мөөнөт бар. Ошондо алар Алладан башка баш калкалар жай таппай калышат.
59. Алар зулумдук кылган кезде ошол[87] шаарларды (дароо) жок кылмак. (Бирок) алардын жок кылынышы үчүн да бир мөөнөт белгиледик.
60. [88]Ошол убакытта Муса жардамчысына: “Эки деңиздин кошулган жерине жетмейинче канчалаган узак жылдар өтсө да токтобоймун”, – деди.
61. Экөө[89] эки деңиз куйган жерге жеткен кезде балыктарын унутушту. Ошондо балык ыргып чыгып, деңизди жиреп жөнөдү.
62. Экөө илгерилеп бараткан кезде Муса жардамчысына: “Азыгыбызды алып келчи[90], ырасында, сапарда чарчадык”, – деди.
63. “Ташка (олтуруп) дем алган жерде балыкты унутуп калыпмын. Мага аны айтууну шайтан унуттурган экен. Ал[91] таң калыштуу түрдө деңизге жол алган болчу”, – деди.
64. (Муса:) “Мына, издегенибиз ушу болчу”, – деп, экөө (келген) издери менен ээрчишип кайра кайтышты.
65. Ошондо экөө, Биз тараптан жакшылык берилип, Өз алдыбыздан илим берилген пенделерибизден бир пендени табышты.
66. Муса ага: “Сага үйрөтүлгөн дааналыктан мага да үйрөтүүң үчүн сени ээрчисем болобу?” – деп сурады.
67. (Ал:) “Чындыгында, сен мени менен бирге болгонго чыдай албайсың.
68. Ички сырын билбеген нерсеге кантип чыдай аласың?”, – деди.
69. (Муса:) “Алла кааласа, мени сабырдуу табарсың[92]. Ошондуктан сага эч бир иште каршы чыкпаймын”, – деди.
70. (Ал:) “Эгер мага кошулсаң, сага (мен өзүм) айтып бермейинче, менден эч нерсе сураба”, – деди.
71. Ошентип экөө жолго чыгышты да, кемеге түшүп[93], аны теше баштады. Муса: “Кемедегилерди сууга чөктүрүү үчүн тештиңби? Чындыгында орунсуз иш кылдың”, – деди.
72. (Ал:) “Мен сага мени менен бирге эч качан сабыр кыла албайсың дебедим беле?”, – деди.
73. (Муса:) “Унутканым себептүү мени жазалаба. Менин ишимди оорлотпо”, – деди.
74. Экөө дагы жолго чыгышып, бир уул бала жолукту эле, (ал) аны өлтүрүп салды. (Муса:) “Адам өлтүрбөгөн жазыксыз эле бирөөнү өлтүрдүңбү? Чындыгында, жаман иш кылдың”, – деди.
Он алтынчы бөлүм
75. (Ал): «Сен мени менен бирге жүрүүгө эч качан чыдай албайсың дебедим беле?» – деди.
76. “Эгер мындан кийин да бир нерсе сурасам, мени такыр жолдош кылба. Чындыгында, менден сага жакшы шылтоо табылды”, – деди.
77. Ошондо экөө дагы жол жүрүп, бир шаардын калкына барышып, тургундарынан тамак сурашты. Алар экөөсүн конок кылуудан баш тартышты. Анан экөө ошол жедеги жыгыла турган дубалды көрүшүп, аны ал тикеледи[94]. (Муса:) “Эгер кааласаң буга эмгек акы алсаң болоор эле”, – деди.
78. (Ал) “Мына ушул – мени менен сенин айрылышыбыз. Эми сага сен сабыр кыла албаган нерселериңдин сырын айтайын”, – деди.
79. (Ал:) “Кеме – деңизде[95] тиричилик кылган жакыр адамдардыкы болчу. Аны мен жараксыз кылгым келгенинин себеби: анын артынан ар бир (мыкты) кемени тартып алып туруучу падыша (кууп) келе жаткан.
80. А (тигил) баланын болсо, момун ата-энеси бар эле. Ал[96] ата-энесин (ыймандан) баш тартууга, каапырлыкка зордоосунан корктук.
81. Эгеси анын ордуна өздөрүнө андан дагы таза, андан да мээримдүү бала берүүсүн кааладык.
82. Ал эми (тамдын) дубалы болсо, ошол шаардагы эки жетим балага таандык болуп, анын астында ал экөөсүнө тиешелүү казына бар эле. Алардын ата-энеси жакшы киши болгондуктан Эгең, ал экөөнүн эрезеге жетип, ошол казынаны чыгарып алуусун каалады. Бул – Эгеңдин бир жакшылыгы болчу. Ошондуктан муну[97] мен өзүм билгендей эле жасап салганым жок. Мына ушулар – сенин сабыр кыла албаган иштериңдин чечмелениши”, – деди.
83. (Эй, Мухаммед!) Алар сенден Зулкарнайн тууралуу[98] сурашат. (Сен:) “Силерге анын жайын түшүндүрөйүн”, – деп айт.
84. Чындыгында, (Биз) Зулкарнайнды жер жүзүндө күчкө ээ кылдык. Ага ар бир иште жеңилдик бердик.
85. Ал да бир жолго түштү.[99]
86. Акыры[100], ал күн баткан чөлкөмгө жеткенде, аны (күндү) кара балчыктуу булакка баткан түрдө көрдү[101]. Анын алдында бир элге кез келди. (Биз:) “Эй, Зулкарнайн! Каласаң ал элди азаптаарсың, болбосо аларга жакшылык кылаарсың”, – дедик.
87. (Зулкарнайн) аларга: “ Эми ким зулумдук кылса, аны жазалайбыз. Ал[102] Эгесине[103] кайтат. Эгеси (мындан да) катуу жаза берет”, – деди.
88. Ал эми ким ыйман келтирип, жакшы иштерди жасаса, ага жакшы сыйлык бар. Ошондуктан ишибизди жеңил кылууну айтабыз.
89. Андан кийин ал дагы[104] жолго түштү.
90. Акыры[105] күн чыга турган жерге жеткенде, анын (күндүн) бир элдин үстүнөн чыкканын көрдү[106]. Ал элге күндүн алдынан парда жасабаган элек[107].
91. Ушундай болчу. Чындыгында анын эмне иш кылганын толук билебиз.
92. Андан кийин да бир жолго түштү[108].
93. Эки тоонун ортосуна жеткен кезде, сөздү түшүнө албай турган бир элге кездешти.
94. Алар: “Эй, Зулкарнайн! Йажууж, Мажууж деген эл бул жерде бузукулук кылууда. Сага төлөм берсек, алар менен биздин ортобузга бир бөгөт жасайсыңбы?” – дешти.
95. Зулкарнайн: “Эгемдин мага бергени жетиштүү. Силер мага күчтөн көмөк кылгыла да, мен силер менен алардын ортосуна бөгөт жасайын”, – деди.
96. (Анан:) “Мага темир кесиндилерин алып келгиле”, – деди. Эки тоонун эки тарабы[109] теңелген кезде: “Көөрүктөгүлө!”, – деди. Ал кызыган маалда: “Мага ээриген жез алып келгиле, үстүнө куйайын”, – деди.
97. Ошондо алар[110] өтө да, теше да алышкан жок.
98. (Зулкарнайн:) «Бул – Эгемдин ырайымы. Эгемдин убадасы (Кыйамат) келген кезде, аны жер менен жексен кылат. Анткени, Эгемдин убадасы – акыйкат[111]! (деди).
99. Кыйамат Күнү аларды бири-бирине кошулган түрдө жөн койобуз да, сурнай чалынганда, аларды толук жыйнайбыз.
100. Ал күнү Тозокту каапырларга анык көрсөтөбүз.
101. Алар (Менин) насаатымдан көздөрү пардалуу жана кулактары такыр уга албай тургандар.
102. Каапырлар Мени эмес, (Менин) пенделеримди кудай кылып алышабы[112]? Чындыгында, Тозокту каапырларга конок үй кылып дайардап койдук.
103. [113]«Силерге кылган ишинен улам зыйанга учуроочулар ким экенин айтып берейинби?», – дегин.
104. Алар дүйнөдөгү аракеттери текке кеткендер[114]. (Бирок) алар өздөрү: «Чындыгында жакшы иш кылып жатабыз»,–деп ойлошот.
105. Мына ошолор Эгелеринин айаттарына жана Эгесине жогугууну жокко чыгаргандар. Ошондуктан алардын амалдары жок болот[115]. Кыйамат Күнү аларга эч нерсе бербейбиз.
106. Алар каршы чыгып, айаттарыбызды, элчилерибизди келеке кылгандыгы үчүн жазалары – Тозок (болот).
107. Чындыгында, ыйман келтирип, жакшы иштерди кылгандар үчүн Фирдаус[116] бактары – конок үй болот.
108. Алар анда түбөлүккө калышат да, ал жерден которулууну такыр каалашпайт.
109. [117]”Эгер Эгеңдин сөздөрүн (жазуу) үчүн деңиз сыйага айланса, ага дагы бир ошончону[118]кошсок, чындыгында, Эгеңдин сөзү түгөнгөндөн мурда, деңиздер түгөнмөк” – деп айт.
110. “Чындыгында, мен деле силер сыйактуу адаммын. Мага силердин кудайыңар бир гана Кудай (Алла) экени кабардалууда. Ким Эгесине жолугууну үмүт кылса, анда ал жакшы амалдарды[119] жасап, Эгесине жасаган ибадаттарында Ага эч кимди шерик кошпосун!”, – деп айткын.
[1] Кахф - үңкүр
[2] Мухаммед алейхи саламга
[3] Куранды
[4] Куранды
[5] Сооптуу иштерди
[6] Алланын
[7] момундар
[8] «Иса, Узайир – Алланын балдары», - деген түшүнүктү карманган диндер да бар экенин эстеңиз
[9] Тозоктун азабынын катуу болорун
[10] Алланын баласы болгону тууралуу эч бир
[11] Каапырлар, мушриктер, мунафыктар
[12] Мухаммед (а.с.) га кайрылуу
[13] Кургак, эч нерсе өспөгөн какыраган жерге
[14] Эй, Мухаммед!
[15] кереметтерден
[16] Бул айатта өткөн бир доорлордун биринде Тасус шаарындагы Дакйанус аттуу падышанын заалымдыгынан динин сактап калуу үчүн качкан мусулман адамдар тууралуу болууда. «Кахф» – ошолор бекинген үңкүрдүн аты, ал эми «ракым» – алардын аты-жөнү жазылып калган тактайдын аталышы
[17] Алланын динине чакырууда
[18] Кулактары эч нерсени укпай турган кылып катуу уктатып салдык
[19] үңкүрдө уктап калгандар менен сыртта, шаарда жашоо кечирип жаткан адамдар ортосунда
[20] Эй, Мухаммед!
[21] Аллага
[22] Жалган кудайларына
[23] «Алланын баласы бар, же кызы бар, Иса кудай ж.б.у.с.», - деп жалган айтып, элдин башын айландырып, Аллага жок нерселерди жармаштырып
[24] Эй, Мухаммед!
[25] Алар уктап калган
[26] үңкүргө нурун чачып
[27] Нурлары үзүлбөй
[28] Эгер ошентип денелери үч жүз жыл бойу чирип кетпей, тирүү адамдай бейпил жатканын көрсөң, албетте
[29] Бир жагы такай жерде калып, денеси залал тартып калбасын деп периштелер кезек-кезеги менен Алланын буйругу менен оодарып турушту
[30] Ошол кейипте
[31] Алардын түрүнөн, сүрүнөн
[32] үңкүрдө өлүү-тирүү экенибизди билбестен, катуу уктап
[33] Алла Таала
[34] Бул үчөө каапыр падышанын куугунтугунан качышып, шаар четиндеги ээн үңкүргө жеткенде, Алла Таала аларды каапырлардын кыйноосунан аман чыгарып койуш үчүн кирген үңкүрлөрүндө үч жүз жылга уктатып койгон болчу. үч жүз жылдан кийин ойгонушуп, ушинтип сүйлөшүп жатышат. Бирок алар үч жүз жыл уктаганын азырынча билише элек.
[35] Колго түшүп, мусулман экениңерди билип каласа.
[36] Өлтүрүп, тирилтүү – Алла үчүн түккө тургабандай оңой иш экенин
[37] шаардыктар
[38] үңкүрдөгүлөр
[39] Мушриктер алардын үч жүз жыл жашаган үңкүргө эстелик тургузуп койолу, кийинки муундар бул үчөөсүн даңктап жүрсүн унутпай дешти.
[40] шаардыктардын
[41] Эй, Мухаммед! Сен аларга:
[42] Кайып илимден анча-мынча
[43] Эй, Мухаммед!
[44] «Алла кааласа жасаймын», - дешти кокус унутуп калган болсоң
[45] Пайгамбарыбыз Мухаммед (а.с.) иудейлер сураган суроонун жообун «Алла каалса», - дегенди унутуп калып: «Эртең жооп берем», - дегендиктен Алладан келүүчү кабар кечигип, андан улам берилүүчү жооп да кечигип, анан ушул айат түшүрүлгөн.
[46] үңкүрдөгү үч жигит
[47] Демек күн календарынын эсеби бойунча 300, ал эми ай календарынын эсеби бойунча 309 жыл
[48] Эй, Мухаммед!
[49] Алланын
[50] Анын сөздөрүн өз сөзү менен алмаштырууга эч кимдин акысы да, укугу да жок жана колунан да келбейт. Анткени Жаратуучу Алланын сөздөрүн жаратылган пенде -макулук алмаштырууга чамасыз! Бирок ким кара ниети менен алмаштырууга далалат кылса ал сөзсүз Алланын жазасына кабылат! (Инжил менен Тооратта алмаштыруулар бар экенин Алла Таала Куранда кабарлайт. Ошон үчүн ал китептер Алладан түшкөнүнө карабастан, амал кылууга тыйуу салынган. Куранды болсо өзгөртүүсүз Кыйаматка чейин: «Өзүм сактаймын», - деген Аллланын убадасы бар жана Алла Өз убадасын сөзсүз, шексиз аткаруучу!).
[51] Эгер Куранды өзгөртүп, бузсаңар, Алланын каарынан качып кутула алабйсыңар жана
[52] Эй, Мухаммед!
[53] Каапырларга жана алардын бай-бардар турмушуна
[54] Эй, Мухаммед!
[55] Бул жерде бул убактылуу дүйнөнүн дөөлөтүнө мас болуп, Аллага шерик кошуп, дөөгүрсүгөн, акыретти унуткан каапыр Парос менен, сабырдуу, каниетүү, ток пейил мусулман Йахуза тууралуу кеп болууда
[56] “Эч качан жоголбойт. Байлыгымды коргоп калууга менин толук күчүм жетет”
[57] “Кыйаматтын болоруна такыр ишенбеймин”
[58] Алла жиберген апаат келип, жүзүм бактары толук кыйратылды...
[59] Бак үчүн жумшалган көп суммадагы акча каражаттарына ж.б.
[60] Эй, Мухаммед!
[61] Момундардын жана каапырлардын
[62] Жердеги жашоо сыноо үчүн гана убактылуу бир мөөнөт катары берилгенин ойлоп да койбой, пайгамбарлар, момундар айтса, кулак салбай..
[63] Кылган жамандык-жакшылыктарынын баары алардын көз алдына келтирилип, дапдаана көрсөтүлөт.
[64] Ар ким өз колу менен жасаган күнөөсүнө жараша гана жазаланат. Ашыкча жазаланбайт.
[65] Эй, Мухаммед!
[66] Адам Атаны жаңы жараткан кезде
[67] Иблис– Шайтандардын түпкү атасы. Биздин Адам Ата сыйактуу
[68] Шайтандарды жана жалган кудайларды (айрым элдер болсо пайгамбарларды, олуйаларды, баатырларды ж.б.у.с. кудай дешкенге чейин жетишкен)...
[69] Шайтанды
[70] “Мен буйуруган адал иштерди кылбай, ал (шайтан) буйурган арам иштерди кыласыңарбы?!”
[71] шайтандар
[72] Чыныгы Кудай Алла турса, шайтандар менен достошуу бул –
[73] шайтандарды
[74] шайтандар бар болгону бир нерсе жаратууга алсыз бир макулуктар гана
[75] Жалган кудайларды, айкелдерди, буддарды ж.б.у.с.
[76] Анткени алар жансыз, ары алсыз нерселер....
[77] Качып кутулаар
[78] Билип-билбей эле талашып тартыша берет. Болбосо Кыйаматтын болору эч кандай шек жаратпаган нерсе боло туруп, ушуга жерде тирүү жүргөн кездерине эч ишенишкен эмес, четке кагышкан, “Кыйамат шексиз болот”, - дегендерди шылдыңдашкан...
[79] Мухаммед! (а.с.) сыйактуу
[80] Пайгамбарлар айткан чындыктын ошондой жол менен далилденишин
[81] “Өз көзүбүз менен көрмөйүнчө эч нерсеге ишенбейбиз” - деп сокур, дудук, дүлөй болуп алыштары – алардын кыйроого учуроосуна бирден бир себеп (Бакара сүрөсүнүн 17 –айатын караңыз).
[82] пайгамбарларды
[83] Мусулмандарды Бейиш менен
[84] Каапырларды Тозок менен
[85] Жалган маалыматар
[86] Чындыктын кадырын
[87] Алар жашаган
[88] Бул жерде Алла Тааладан Мусага (а.с.) эки деңиз кошулган жерге барып Кыдыр алейхи саламды күтүп, андан илим алуу тууралуу көрсөтмө келген кез тууралуу сөз болууда.
[89] Муса (а.с.) менен анын жигити
[90] Тамактанып алалы
[91] Балык. Алар азык катары баштыктарына балык салып алышкан болчу.
[92] «Сабырдуулугума күбө болосуң», - деген мааниде
[93] Дарыйадан өткөн соң
[94] Хызыр алейхи салам ылай чалып, дубал уруп, кайра тургузушту
[95] деңизден балык кармап жеп, сатып
[96] чоңойгон кезде зөөкүрлүк менен
[97] жогоруда аталган иштерди
[98] Куранда аталган Зулкарнайн менен айрым окумуштуулар атын чаташтырып келе жаткан Александр Македонскийдин эч кандай окшоштугу да, жакындыгы да жок. Куранда аталган Зулкарнайн такыба момун падыша болгон. А.Македонский болсо, жөн жай жаткан элдерди басып алууну кесип кылган, башка типтеги падыша. Экөөсүнүн доорлору да дал келбейт. (Зулкарнайн: кош мүйүздүү дегенди туйунтат.)
[99] Ал Алланын адилеттүүлүгүн орнотуу үчүн адилетсиз жолду тандап алган жок. Согуштарда Алланын чийген чек араларынан чыкпоонун амалын тапты.
[100] Алланын Динин жайылтып жүрүп олтуруп
[101] Деңиз жээгинде жашаган адамга күн деңизге баткан сыйактуу көрүнгөндөй эле, Зулкарнайнга күн балчыктуу сазга батып бараткандай болуп көрүндү
[102] жазаланган адам
[103] Аллага
[104] чыгышка карай бет алды да, ошол жактарда жашаган динсиз элдерге каршы
[105] жүрүп олтуруп
[106] Ал эл жер бетин бербегендей көп болчу
[107] Алардын үйлөрү да, кийимдери да жок болчу
[108] Чыгышка карай дагы жүрүшкө чыкты
[109] ортосу
[110] Йажууж, Мажууждар
[111] Аткарылуусу кымындай да шек жаратпаган акыйкат.
[112] Маселен, Иса Алланын пендеси болгону менен айрым топтор аны кудай катары карашат. Будда, Конфуций, Дао ж.б.у.с. баары кудай эмес. Бар болгону Алланын пенделери
[113] Эй, Мухаммед!
[114] Анткени алар ар бир аракетти эл көрсүн да мени мактасын деген ниетте жасашчу. Алар бир дагы ишти Алла ыраазычылыгы үчүн жасашкан эмес
[115] Текке кетет, Алла тарабынан кабыл кылынбайт
[116] Фирдаус – Бейиштин кап ортосунун, же тагыраак айтканда эң бийик жеринин аталышы
[117] Эй, Мухаммед!
[118] Дагы бир ошончолук чоңдуктагы деңизди
[119] Иштерди, аракеттерди...
«Менин намазым да, ар бир амалым жана жашоом да, өлүмүм дагы - ааламдардын Роббиси болгон Аллах үчүн, -деп айт». («Ан'аам»: 162).