Мазмунга өтүү

Каххар Абдулла

Википедия — ачык энциклопедия
Каххар Абдулла
өзб. Abdulla Qahhor, Абдулла Қаҳҳор
Туулган датасы:

17 -сентябрь 1907(1907-09-17)

Туулган жери:

Орусия империясы, Фергана облусу

Өлгөн датасы:

24 -май 1968(1968-05-24) (60 жаш)

Жарандыгы:

 ССРС

Ишмердүүлүгү:

проза жазуучу, драматург, котормочу

Чыгармаларынын тилдери:

өзбек тили

Сыйлыктары:
  • Үчүнчү даражадагы Сталин сыйлыгы
  • Эмгек Кызыл Туу ордени
  • «Ардак белгиси» ордени
  • Өзбек ССРинин эл жазуучусу
  • Өзбек ССРинин Хамза Хакимзаде Ниязи атындагы мамлекеттик сыйлыгы
  • «Буюк хизматлари учун» ордени
Каххар Абдулла Викиказынада

Каххар Абдулла (өзб. Abdulla Qahhor, Абдулла Қаҳҳор) (1907—1968) — өзбек совет жазуучусу, драматург жана котормочу. Өзбек ССРинин эл жазуучусу (1967). Үчүнчү даражадагы Сталин сыйлыгынын лауреаты (1952). 1952-жылдан тартып КПССтин мүчөсү[1].

Абдулла Каххар 1907-жылдын 17-сентябрында Ашт районунун Ашт айылындагы Сари бозор көчөсүндө (азыркы Согд облусу) темир уста Абдукаххар Жалиловдун үй-бүлөсүндө туулган. 1919—1924-жылдары мектепте окуган. Кокон педагогикалык техникумун аяктагандан кийин 1924—1926-жылдары Кокон шаардык комсомол комитетинде, кийин Ташкенттеги «Кызыл Өзбекстан» гезитинин редакциясында иштеген. 1926—1934-жылдары рабфакта, андан кийин биринчи Орто Азия мамлекеттик университетинин педагогикалык факультетинде окуган[1].

1934—1938-жылдары «Совет адабиёти» журналынын редакциясынын жооптуу катчысы, 1938—1939-жылдары Хамза Хакимзаде Ниязи атындагы Өзбек мамлекеттик академиялык драма театрынын адабий бөлүмүнүн жетекчиси болгон. 1939-жылдан тартып Өзбекстандын басмаларында редактор жана котормочу болуп иштеген. Өзбек ССРинин Жазуучулар союзунун президиумунун төрагасы (1954—1956). 1955-жылы Өзбек ССРинин Жогорку Советинин депутаты болуп шайланган.

1968-жылдын 24-майында Москва шаарында каза болгон. Ташкенттеги «Чигатай» көрүстөнүнө коюлган.

Чыгармачылыгы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адабий ишмердүүлүк менен 1924-жылдан тартып «Муштум» журналында, «Жаңы Фергана», «Кызыл Өзбекстан» гезиттеринде фельетончу катары жана кыска новелла жанрында алектене баштаган («Ууру», «Сокурлардын көзү ачылышы», «Анар», «Оорулуу», «Шаардык парк», «Коркунуч», «Адабият мугалими», «Улутчулдар», «Тойдогу аза», «Махалла» жана башкалар).

«Дүйнө жашарууда» (1933), «Аңгемелер» (1935) жыйнактарын, «Эки чынар» романын жарыялаган. «Мираж» романы (1937) буржуазиялык улутчулдарды ашкерелейт, «Дардактык баатыр» (1942), «Алтын жылдыз» повесттери Улуу Ата Мекендик согуш окуяларына арналган, «Кошчинор чырактары» романы (1951—1952) коллективдештирүү темасына арналган. «Кичинекей куш» повести (1958, 1961-жылы экрандаштырылган) согуштан кийинки өзбек кыштагынын турмушун, «Сүйүү» (1968) жаштардын жашоосун сүрөттөйт. «Өткөн күндөр жомоктору» аттуу биографиялык повести (1965), ошондой эле заманбап темадагы аңгемелерди жазган.

Драматург катары «Жаңы жерде» («Жибек сюзане»; 1950), «Оору тиштер» (1954), «Табыттан чыккан үн», «Кымбаттуу энелерим» комедиялары менен таанылган.

Александр Пушкиндин «Капитан кызы», Николай Гогольдун «Ревизор» жана «Үйлөнүү», Лев Толстойдун «Согуш жана тынчтык», Александр Серафимовичтун «Темир агым», Максим Горькийнин «Менин университеттерим», ошондой эле Антон Чехов, Мариэтта Шагинян, Константин Тренёв жана башка авторлордун чыгармаларын өзбек тилине которгон. Ал жаш өзбек жазуучуларынын чыгармачылык калыптанышына чоң таасир тийгизген.

1961-жылы «Кичинекей куш» —аталыштагы повестти экрандаштырылган.

Сыйлыктары жана наамдары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Үчүнчү даражадагы Сталин сыйлыгы (1952) — «Жаңы жерде» пьесасы үчүн (1950)
  • Эмгек Кызыл Туу ордени — үч жолу (06.12.1951; 16.09.1957; 08.09.1967)
  • «Ардак белгиси» ордени (31.01.1939)
  • Өзбек ССРинин эл жазуучусу (08.09.1967)
  • Өзбек ССРинин Хамза Хакимзаде Ниязи атындагы мамлекеттик сыйлыгы (1966)
  • «Буюк хизматлари учун» ордени (25.08.2000) — каза болгондон кийин[2].
  • Жазуучунун ысымы Дардактагы көчөгө, ошондой эле Пап шаарынын районунун бирине берилген.
  • Ошондой эле жазуучунун ысымы Ташкент шаарындагы көчөгө ыйгарылган.

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]