Мазмунга өтүү

Кацев Александр Самуилович

Википедия — ачык энциклопедия

Кацев Александр Самуилович (24. 03. 1946-жылы туулган, Фрунзе) – адабиятчы, филология илимдеринин доктору (1992). КМУнун филология факультетин (1969), ошол эле жерден аспирантураны (1976) бүтүргөн. 1969–73-жылдары Пржевальск педагогикалык институтунда окутуучу, 1973–76-жылдары М. В. Маяковский атындагы Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер педагогикалык институтунда кафедра башчысы, доцент, профессор (1978), 1997-жылдан КРСУнун журналистика кафедрасында окутуучу, Еврей маданиятын окутуу борборунун директору. 260тан ашык илимий эмгектин, анын ичинде 7 методикалык колдонмонун, 3 сөздүктүн, адабият боюнча 3 программанын автору. Эмгектери: Человек и природа. Охрана окружающей среды и ее отражение в литературе. Ф., 1984; Реальный факт, прототип, образ в советской литературе 20-х годов. Ф., 1986; Возвращенные имена: Из истории современной русской литературы. Б., 2002.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]