Качкымбаева, Сабира Абыковна

Википедия дан

Качкымбаева Сабира Абыковна (1.5.1929, Кочкор району, Кош-Дөбө айылы - 26.12.1996, Бишкек ш.)— химик, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, химия илимдеринин кандидаты (1955).
1951-ж. Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун биология факультетин бүткөн, 1951-55-ж. аспирантурада окуган.
1966-жылдан Кыргыз ССР ИАнын Органикалык эмес жана физикалык химия институтунда улук илимий кызматкер болуп иштеген. Сейрек кездешүүчү металлдарды бөлүп алуу технологиясын иштеп чыгууда жеке кошкон чоң салымы үчүн Кыргыз ССРинин илимий жана техникалык боюнча мамлекеттик сыйлыгын алган (1980; авторлор тобу менен). 40тан ашуун илимий макала жазган, 8 автордук күбөлүктүн ээси.. "Химия боюнча кызыктуу тажрыйбалар" деген окуу куралынын (1984) авторлорунун бири.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.