Кашат

Википедия дан

Кашат – 1) суунун, арыктын, аңдын бийик жери; айрым учурда тепкич сымал кемер-кыр менен чектелген, дарыяны көздөй бир аз жантайыңкы тегиз аянт да кашат аталат. Кээде кашаттар 4–5 жана 8–12 санда болушу мүмкүн. Жер кыртышынын суу менен желишинен жана шиленди чөкмөлөрдүн топтолушунан пайда болот. Аккумуляциялык кашат борпоң чөкмө аллювийден, цоколдук кашаттын үстү аллювийден, асты чулу тоо тектен; эрозиялык кашат бүт бойдон чулу тектен турат. Кашаттардын жашы тоо тектеринин структуралык түзүлүшү, андагы органикалык калдыктар жана морфологиясы боюнча аныкталат. Түздүктөгү чоң дарыялардын кашаттары кенен, туурасы бир нече км болот. Кашат калк жашаган жерлерди жана жолдорду куруу, айдоо жер үчүн пайдаланылат; 2) шымдын, дамбалдын белге келүүчү, ычкыр же кур байлануучу жээги.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]