Кашкар-Кыштак, Кара-Суу району

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Кашкар-Кыштак, Кара-Суу районуОш облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Кашкар-Кыштак айыл округуна караштуу. Ош – Бишкек автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 860 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Суу шаарынан 10 км түштүк-батыш тарапта. Ош темир жол станциясынан 0,5 км. Кыштак 1870-жылы негизделген. Калкы 15 765 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Эки орто мектеп, китепкана, маданият үйү, оорукана, бейтапкана, дарыканалар бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, базарча, тамактануучу жайлар, чакан ишканалар иштейт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]