Кашка-Суу вольфрам кени
Кашка-Суу вольфрам кени Нарын районунда, Нура тоосунун түндүк капталында, Оттук кыштагынан 58 км чыгышта, деңиз деңгээлинен 3250–3650 м бийиктикте жайгашкан. 1943–45-ж. чалгындалып, запасы эсептелген. Кен аймагы карбон мезгилинин турне ярусунун акиташ катмары жана аны жиреп чыккан гранит, гранодиорит интрузиясынан турат. Кен интрузиянын акиташ катмары менен болгон түндүк контактысындагы скарн тулкусу менен байланышкан. Башкы скарн тулкусу Кашка-Суу суусунун сол жээги боюнча 840 мге чейин созулат. Негизги руда минералдары: шеелит, молибденит, антимонит, арсенопирит, пирит, халькопирит. Вольфрам триоксидинин орточо өлчөмү 0,3–0,37%. Руданын С2 категориясы боюнча запасы 218,3 миң т. Болжол ресурсу 3410,2 миң т. Вольфрам триоксидинин С2 – категориясы б–ча запасы 814 т, болжол ресурсу 10201 т.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7