Мазмунга өтүү

Кашка-Суу (Каракол) көмүр кени

Википедия — ачык энциклопедия

Кашка-Суу (Каракол) көмүр кени Ош облусунун Алай районунда, Кашка-Суу жана Каракол сууларынын башатында, Сарташ кыштагынан 30 км түндүктө, Гүлчө кыштагынан 40 км түштүк-батышта. Кенче жөнүндө 1943-ж. жана 1966-ж. 1:100 000 жана 1:200 000 масштабындагы геол. съемканы жүргүзүү убагында кыскача маалымат берилген. Д. П. Резвойдун маалыматы боюнча калыңдыгы 1,0 м болгон көмүр кабаты төмөнкү юра катмары менен байланышкан. Башка маалымат (Григорьев А. В., 1966-ж.) боюнча көмүр кабатынын калыңдыгы 3–4 м. Кен изилденген эмес, көмүрдүн сапаты белгисиз. Болжол ресурсу 45 млн т.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]