Мазмунга өтүү

Кашка-суу көмүр кени

Википедия — ачык энциклопедия

Кашка-суу көмүр кени — Миңкуш – 2 кени Нарын облусунун Жумгал районунда, Миңкуш шаарчасынан 11 км түндүк-батыш тарапта, Көк-Мойнок өрөөнүнүн түндүк капталында, Кашка-Суу жана Кара-Күңгөй сууларынын аралыгында. Уран рудасын издөө убагында (1952-ж.) көмүр кабаттары изилденген жана биринчи жолу көмүрдүн запасы 1952-ж. эсептелген. Көмүр төмөнкү юранын тууракабак свитасы менен байланышкан. Бардыгы 8 кабат бөлүнүп, негизинен 3 кабат (5,6,7) жакшыраак изилденген. Кабаттардын калыңдыгы 0,17 мден 17,50 мге чейин өзгөрөт. Көмүрдүн сапаты начар изилдеңген. Болжол менен ал үчүнчү күрөң көмүр (3Б) маркасына кирет. Көмүрдүн орточо күлдүүлүгү 5,38%тен 11,99%ке чейин өзгөрөт. Күйүү жылуулугу аныкталган эмес. Кайрадан бааланган (1992-ж.) запасы С1+С2 категориясы боюнча 4955 миң т, болжол ресурсу 8252 миң т.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]