Каңгы
Каңгы —этноним. Кыргыздардын ичкилик бөлүгүнүн негизги урууларынын бири. Бакайдын атасы Бай Жакыпка жолуккандан кийинки окуяларда төмөндөгүдөй айтылат:
Жаңыдан келген тууганы,
Бай Жакыпты мааналап
Бир жыл болгон турганы,
Алты, бештен түтүнү,
Каңгы деген калк эле.
Каңгылардын ичинде
Чегиш деген алп эле (Сагымбай Орозбаков, 1. 191).
К. (орусча — канглы, казакча — каңлы — И. М.) тарыхта белгилүүэтноним. 11—12-кылымда Хорезм менен Волганын аралыгында огуздар менен 11-кылымда Иртыш аймагынан Орто Азияга келген кыпчактардын аралашмасынан түзүлгөн уруу бирикмеси. Алар көбүнчө көчмөн жана кол өнөрчүлүк турмушта жашашкан. К-лар орто кылымдарда Орто Азия мамлекеттеринде белгилүү роль ойногон. Алардын айрым бөлүктөрү 13-кылымда Ысык-Көлгө да оошуп келгени белгилүү. Бирок, моңголдор аларды таптакыр алсыздандырып ташташкан. Кийинки мезгилдерде К-лар кыргыз, өзбек, казак, каракалпак жана башкырт элдеринин курамына сиңип кеткен. "Манас" эпосу ушул тарыхый чындыкты жалпылаштырып көркөм чагылдырганын айтууга болот.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4