Каңыры
Каңыры — этноним. "Манас" эпосунда байыркы кыргыздын бир уруусу. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Көкөтөй кандын керээзинде:
Кара калпак, үйшүн бар,
Каңыры, тейит, багышы,
Канча журтка угулган,
Кара кыргыз дабышы (Сагымбай Орозбаков, 3. 15),— деп катардагы саналган көптөгөн уруулардын бири катары эскерилет.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4