Квазарлар

Википедия дан

Квазарлар (англисче quasar, quasistellar radiosource – радио нурлануунун квази жылдыздык булагы дегенден) – өтө кичине бурчтук өлчөмгө ээ жана Күн системасынан бир нече миңдеген Мпк алыс жайгашкан космостук же квази жылдыздык объектилер. Оптикалык түрү жагынан жылдызга, ал эми спектрлеринин мүнөзү боюнча газ тумандуулугуна окшош. Квазарлар өтө кубаттуу галлактикаларга караганда ондогон эсе көп энергия чыгарат. Дагы бир теорияга ылайык квазарлар – ургаалдуу нурланууга ээ болгон зор кара тешиктен турган галлактиканын Борбордук бөлүгү. Айрым квазарларда жаркырактык байкалат жана тез өзгөрүп турат. Квазарлардын табияты толугу менен изилдене элек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]