Квалификация

Википедия дан

Квалификация– коомго каршы келген коркунучтуу жосундун белгилерин мыйзамда каралган кылмыш белгилери менен аныктоо. Жаза кодексинин теориясында квалификация расмий (легалдуу) жана расмий эмес (доктриналык) түргө бөлүнөт. Расмий квалификацияны жаза кодексинин чегинде жаза иштери боюнча тергөөчү, прокурор, судья (сот), ал эми расмий эмес квалификацияны бардык жарандар жүргүзө алат. Буга гезит, журнал жана китепте келтирилген кылмыштар кирип, ал адамдын укуктук көз карашын, оюн билдирет жана юридикалык күчкө ээ болбойт. Коомго коркунуч туудурган жосунду квалификациялоодо жаза кодексинин статья, бөлүм пункттары толук көрсөтүлүшү керек. Эгер кылмышка шериктеш болуу менен аткарылып же аягына жетпеген кылмыш болсо, жаза кодексинде каралган башка статьяларында көрсөтүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]