Кванттык электродинамика
Кванттык электродинамика – электромагнит талаасынын жана анын заряддуу бөлүкчөлөрү (негизинен электрон, позитрон жана мюон) менен өз ара аракеттенишинин кванттык теориясы. Тажрыйбада далилденген электромагниттик нурлануунун дискреттүүлүгү жөнүндөгү түшүнүк кванттык электродинамиканын негизи болуп эсептелет. 1900-жылы М. Планк монохром жарыктын нурлануу процессинин дискреттүүлүгү жөнүндөгү гипотезаны айткан. Бул гипотеза боюнча электромагниттик талаанын энергиясы белгилүү чоңдукта, башкача айтканда порция түрүндө өзгөрөт. А. Эйнштейн фотоэффект теориясын сунуш кылган. Ал теория боюнча электромагниттик талаа фотон деп аталуучу элементардык талаалардан турат. Бул эки гипотеза азыркы кезде далилденген. Электрмагнит талаасынын кванты (фотону) – жыштыктын берилген чоңдугунда талаанын мүмкүн болгон минимум энергиясын E=hv жана импульсун p=h/l алып жүрөт, мында h – Планк турактуулугу, 1=с/и – толкун узундугу, с – жарык ылдамдыгы. Демек электромагниттик нурланууга v жана менен мүнөздөлүүчү жалаң эле толкундук эмес, ошондой эле дискреттүүлүк, корпускулалык касиет да тиешелүү. Электромагниттик нурлануунун заряддуу бөлүкчөлөр менен өз ара аракеттениши кванттык электродинамикада бөлүкчөлөрдүн фотондорду жутушу жана бөлүп чыгарышы катары каралат. Фотондордун алмашуусу заряддуу бөлүкчөлөрдүн өз ара аракеттенишин шарттайт. Бөлүкчө фотондорду бөлүп чыгарат, аларды кайра жутат; бөлүкчөлөрдүн өзүнүн талаасы менен өздүк аракети же өз-ара аракеттениши төмөндөгүдөй натыйжага алып келет: атомдордогу энергия деңгээлинин Лемб жылышуусу, чачырабашы жана башка классикалык электродинамика түшүндүрө албаган айрым маселелер. Кванттык электродинамикада толук чечмеленген, мисалы, нерселердин жылуулук бөлүп чыгарышы, жутушу, чачыратышы, заряддуу бөлүкчөлөрдүн электромагниттик өз ара аракеттениши жана башка Мындан тышкары электромагниттик нурдун электрондор жана позитрондор менен өз ара аракеттениши сыяктуу башка кубулуштарды да кванттык электродинамика өтө так түшүндүрөт.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9