Квант сааты
Квант сааты (атом сааты) - негизги бөлүгү жыштыктын квант стандарты болгон убакытты так өлчөгүч түзүлүш.
Мында маятниктин милдетин атом аткарат. Анын жүрүшүн атомдор бир энергиялык абалдан экинчи абалга өтүүдөгү атомдордун нурлануу жыштыгы жөнгө салат. Бул жыштык өтө турактуу (каталыгы 10-11–10-13), ошондуктан Квант сааты убакытты астрономиялык ыкмадан да так өлчөөгө мүмкүндүк берет. Кварц саатына салыштырганда Квант сааты өтө өркүндөтүлгөн, ал радионавигация системаларында, астрономиялык обсерваторияларда, илимий изилдөөлөрдө, текшерүү, ченөө лабораторияларында ж. б. колдонулат. Көпчүлүк Квант саатында жардамчы кварц генератору болот. Кварц генераторунун жыштыгынын өзгөрүшүнөн убакыт өткөн сайын сааттын тактыгы төмөндөйт. Квант саатында кварц генераторунун жыштыгы жыштыктын квант стандартынын жардамы менен текшерилип турат. Ошонун негизинде сааттын тактыгы кванттык стандарттын тактыгына чейин жогорулайт. Бирок белгилүү убакыттан кийин кайрадан тууралап туруу бардык учурда эле ыңгайлуу эмес. Ошондуктан бир катар түзүлүштөгү сааттарда кварц генераторунун жыштыгын автоматтык түрдө кванттык стандартка келтирүү жолу иштелип чыккан. Биринчи Квант сааты 1957-ж. АКШда жасалган. Азыркы Квант саатында кээде цезийлүү репер колдонулат. Кийинки мезгилде рубидийлүү Квант сааты кеңири тараган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0