Мазмунга өтүү

Кебек Уста

Википедия — ачык энциклопедия

Кебек Уста (1850-1932) Уста. Ат-Башыдагы Черик элинен чыккан. Зергерчиликти жана темирчиликти бирдей кармаган.

Көрүкчүсү Жумаш Асанбай уулунун айтуусуна караганда Кебек уста колхоз кыймылынын учурунда Ак-Суу районундагы Ичке-жергез айылына ортолук устакана уюштуруп, ошол жерде узанып турат. Уста 1916-ж. кыргыздардын көтөрүлүшүндө Кытайга чейин барат. Өз жеринен тентип, тербип, азап-тозокко урунган калктын жан айласы үчүн жез, мис өңдүүлөрдөн «алтын жамбы», калай колодон «күмүш жамбы» уютуп, Кашкардын базарына чыгарып, кызыл кулактарга сатып мал алып турган. Анын мындай эл баккан амалы туюлуп калып, Кашкардан качып чыккан. Кебек устанын кармаган буюмдары керемет катары көрүнөт. Ал ак баранды сайлаган, мылтыктын ванын жиксиз кепшерлеген, камчы сапка тапанча орноткон, түстүү металлдардан «алтын жамбы», «күмүш жамбы» өңдүүлөрдү «уютууда» алардын сугаруусун тапкан. Зер нускаларды жасоодогу жекече ыкмаларын эч ким билбеген. Зергер Нарын бөксөлөрүндө да, Чүй өрөөнүндө да, Көл кылаасында да узанган. Улуу уста бай манаптардын жөкөрү, алардын талабын көздөп узанган уста катары куугунтукка алынат. Акыры ал Текеске качып болжолдо 1932-ж. 82 жашында дүйнөдөн кайтат. Ал Ат-Башылык Токтогул, Нурмамбет деген усталардын шекити болгон экен.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0