Кедейбай Датка

Википедия дан

Кедейбай датка - Кудаяр хандын бир тууган таякеси, саруу бийи, кыргыздын сол канатынын ири урууларынын бири болгон саруулардын баргы тобунун бийи Токтоназардын уулу, Кокон ханы Шераалынын аялы Жаркынайымдын бир тууган агасы.
Кедейбай датка Наманганда, Чартакта бектик кылган. Атасы Токтоназар бийдин көзү өткөндөн кийин урук туугандарын жана уулу Дөөлөтаалыны азыркы Аксы районундагы Кара-Cуу суусунун жээгинде жайгашкан Топжаңгак айылына көчүрүп келген. Анын урпактары ошол айылда жашашат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхы энциклопедия. Бишкек - 2003ж.