"Кедей миллионер" (тасма)

Википедия дан
Кедей районунан чыккан миллионер‎»‎ барагынан багытталды)

"Кедей районунан чыккан миллионер" (англ. ) - 2008-жылкы британдык драма тасмасы. Режиссеру Дэнни Бойл, сценарийи Саймон Бофой тарабынан жазылган жана продюсери Кристиан Колсон. Окуя Индияда болгон жана ал жакта тартылган, бул индиялык жазуучу жана дипломат Викас Сваруптын Мумбайдагы Жуху кедей районундан болгон 18-жашар Жамал Маликтин жашоосун баяндаган Q & A (2005) романынын экранизациясы. Индиядагы "Ким миллионер болгусу келет?" программанын катышуучусу болуп, бардык суроолорго туура жооп берет да, калп айтууда айыпталанат. Жамал баштан өткөндөрүн айтып берип, ар бир суроого кантип жооп бере алганын түшүндүрөт.

Теллерайд тасма фестивалындеги дүйнөлүк бет ачары жана Торонто эл аралык тасма фестивалы менен Лондон тасма фестивалындеги көрсөтүүлөрдөн соң, Кедей районунан чыккан миллионер 2009-жылдын 9-январь күнү Улуу Британияда улуттук релиз өткөргөн, 2009-жылдын 22-январь күнү болсо Мумбайда, жана 2009-ж 23-январь күнү Америка Кошмо Штаттарында.

Уйкучу хит катары эсептелген "Кедей районунан чыккан миллионер" тасмасынын атагы чыккан, сюжети, саундтреги жана жетекчилиги үчүн макталган эле. Ал 2009-жылы он "Оскар" сыйлыгынын номинациясына сунушталган жана сегизине ээ болгон - 2008 ж.тасмалар арасында эң көп - анын ичинде Мыкты тасма, Мыкты режиссер жана Мыкты ылайыкташтырылган сценарий сыйлыктары. Ал жети "BAFTA"сыйлыгына ээ болгон, Мыкты тасма сыйлыгы да анын ичинде, беш "Сынчы Тандоосу" сыйлыгын жана төрт "Алтын Глобус" утуп алган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]