Мазмунга өтүү

Кежело Эрнест Францевич

Википедия — ачык энциклопедия

Кежело Эрнест Францевич (1890, Австрия-Венгрия, Кутенберг — 1934) — Орто Азияда совет бийлигин орнотууга жигердүү катышкандардын бири. 1-дүйнөлүк согушта өз ыктыяры менен орус армиясынын колуна түшүп (1914), чех корпусуна кошулуп, алардын арасында революциячыл үгүт иштерин жүргүзгөн. 1918—19-жылдары чет өлкөлүк коммунисттер комитетинин Кокондогу төрагасы, «3-Интернационал» атындагы аскер бирикмесинин, өз алдынча ферганалык атчандар бригадасынын командири. 1920—21-жылдары басмачылар жана Бухара эмиринин аскери менен салгылашууларга жетекчилик кылган. 1921—23-жылдары Өзгөн—Алай аймагында атайын кызмат аткарган 1-ферганалык атчандар полкун жана айрым бөлүктөрдү башкарган. 1924-жылдан СССР революциячыл Аскер советинде, Бүткүл россиялык Эл чарба советинде жооптуу кызматтарды аткарган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]