Кездешүүчү казмалар
Кездешүүчү казмалар – бир мезгилде эки тараптан бири-бирин көздөй жүргүзүлгөн жер асты боюнча казмалардын бир чекиттен кездешүү ыкмасы. Тереңдеги кен байлыктарды казып алууда ишти тездетүү үчүн колдонулат. Шахтада жаңы түздүктөр бөлүнөт. Участкалар даярдалат. Маркшейдерлер эки тараптын багытын аныктап, ката кетирбей текшерип турат. Айырмачылык бир нече смден ашпоо керек.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9